ууланган

Токмоктогу 57 бала ууланган “Кыргыз-Түрк “Себат” лицейинин тамак-ашы талапка жооп бербегендиги аныкталды. Ооруларды алдын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шабдан Рыскуловдун билдиргенине караганда, тиешелүү документтери жок болуп, аталган департаменттин макулдугусуз иштеп келген. Алдын ала маалыматтар боюнча балдар быштактан ууланышы мүмкүн. Себеби алар эртең менен сүт жана быштак жешкен. Түшкө жетпей баары өздөрүн жаман сезе башташкан. Лицейди текшерүү маалында тиешелүү санитардык нормаларга жооп бербей, азык-түлүк сактаган муздаткыч жетишсиз экендиги аныкталды.

Айнура Шайкеева