Тогуз-Тороо районунда бензин кымбат
Тогуз-Торо районунда бензиндин баасы Бишкектегиден 10-15 сомго кымбат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” депутат Акылбек Султанов билдирди. Депутат мындай тариздеги кат Тогуз-Торо районунун элинен келгендигин айтып, баа саясатын жөнгө салуу жана бул аймакка май куюучу бекет салып берүү өтүнүчтөрү бар экенин Өкмөткө жолдоду. Депутат А.Султанов жер титирөө, жер көчкүлөрдөн улам көчүрүлгөн айылдарга дагы эле тиешелүү шарттар түзүлбөй келе жаткандыгын кошумчалады. “Ар түрдүү маселелер” саатынын жүрүшүндө депутат Назарали Арипов Баткендин Лейлек районундагы Тогуз-Булак, Кайрагач айылдарынын мектептери бузулуп, натыйжада балдар алгач чатырларда, азыр болсо ижарага алынган үйлөрдө окуп жаткандыгын Өкмөткө дагы бир жолу кулак кагыш кылды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply