Тажикстанда маң аткезчилигине катышы бар деп шектелип, мартабалуу чек арачы офицер кармалды. Офицер жана башка төрт адам атайын операция маалында кармалганын 22-октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү билдирди. Анын айтымында, рейд учурунда 10 килограммдай апийим жана 30 килограммдан ашуун героин кармалган. Алар Ооганстандан Орусияга маңзаттарын ташыган кылмыш тобуна кирген. Тажикстан менен дүйнөдөгү эң көп апийим өндүрүүчү Ооганстандын чек арасы 1 300 чакырымды түзөт.

Булак: Азаттык