Тармактык комитеттин көчмө жыйынында сахналаштырылган оюн менен билим берүүдөгү айрым көйгөйлөр тараптардын катышуусунда жандуу талкууга алынды
Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны Бишкек шаарынын “Келечек” жаңы конушундагы №87 орто мектепте өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Көчмө жыйында “Эл аралык толеранттуулук үчүн фонд” бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган “Мен эңсеген бакыт” аттуу сахналаштырылган оюн көрсөтүлүп, миграция, андан келип чыккан кесепеттер, мугалимдердин айлыгынын аздыгы, мектептердеги китеп жетишсиздиги сындуу көйгөйлөр мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин, билим берүү жаатына тиешелүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды.
Алгач жогоруда аталган бейөкмөт уюмдун долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад облусунун мектеп окуучулары чыныгы турмуштан алынган “Мен эңсеген бакыт” аттуу сахналаштырылган оюн коюп, келечекте татыктуу кесип алууга умтулган каарман – Бахтиярдын тагдыры, ата-энесинин жетишпеген турмуштун айынан Орусияга жумуш издеп кетиши, Бишкекке келип, туугандарынын үйүндө окуусун уланткан Бахтиярдын ыңгайсыз абалы, мектепте рэкетчиликке кабылышы, мектеп мугалимдеринин маянасынын аздыгынан мындай көйгөйлөргө жакшы көңүл бура албай калып жатканы сындуу көйгөйлөр чагылдырылды.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө сахналаштырылган оюн кайра кайталанып, жогоруда саналган көйгөйлөрдү башка өңүткө өзгөртүүгө боло турган моменттерине мектеп окуучулары, ата-энелер, мугалимдерди тартылып, ролго кирип, көйгөйдү кантип өзгөртө алаарын көрсөтүп беришти. Башкача айтканда, мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин, билим берүү жаатына тиешелүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн катышуусунда билим берүүдөгү көйгөйдүн бир үзүмү жандуу талкууга алынып, терең талдоо жүргүзүлдү.
Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова негизги көйгөйлөр социалдык муктаждыктан келип чыгып жатканына токтолсо, депутат Роза Акназарова кичинекей бир сценка менен турмуштун бир капшыбын көргөзүп бергендиги үчүн уюштурган тарапка ыраазычылык айтты. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев “2014-2018-жылдары Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча” мамлекеттик программа бекитилгендигин маалымдоо менен менен окуучулардын татыктуу билим алуусуна тиешелүү мыйзамдык базаны бекемдөө зарылдыгын белгиледи.
Көчмө жыйынга катышып отурган №20 мектептин директору Чолпон Кудайбергенова мектептеги көйгөйлөрдү мугалимдер, социалдык педагогдор, ата-энелер, балдар менен иштөөчү милициянын инспекторлору бирдиктүү иш алпаруу менен чечүүгө болоорун кошумчалады.
Мындай көйгөйлөр мамлекеттик деңгээлде кандайча чечиле тургандыгына токтолгон КР Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев жаштарды атуулдукка тарбиялоо, чынчыл, эмгекчил, калыс болуу сындуу баалуулуктарды балдарга жеткирүүнүн жолдорун көрсөтүү максатында “Жаштарды жарандыкка жана атуулдукка тарбиялоо жөнүндө” мыйзам долбоору азыркы тапта макулдашуудан өтүп жатканын маалымдады.
Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова эмгек мигранттарынын балдарын коргоо жаатында мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу керек деген пикирде. Билим берүү, илим министрлигинин Мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев бул багытта башкача пикирин ортого салды. Анын айтымында, балага ата-энесинин мээрими, кароосу, тарбиясы болмоюнча көйгөйлөр боюнча иштелип чыккан программалар жардам бербейт. Ал эми мамлекет тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп жатат – концепция, мамлекеттик программа иштелип чыгып бекитилди, интернаттар ачылды, социалдык педагог адистиги киргизилди, милициянын балдар менен иштөө боюнча инспекторлору иштеп жатат. “Андыктан, бала 16га чыкканча ата-энелер баласынын астындагы жоопкерчилигин милдеттендирүү керектигин ойлонуу зарыл”,- дейт М.Үсөналиев.
Жыйынтыгында депутаттар Б.Мамырова, К.Осмоналиев жана башкалар коюлган бул сценка билим берүүдөгү көп жагдайларга үлгү болоорун бул иш-чараны республика аймагына жайылтуу бир топ натыйжалуу боло тургандыгын белгилешти. Соңунда КР Өкмөтүнө бир катар тапшырмалар белгиленди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply