бала бакча

Мындай көйгөй бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Уланбек Нуркулов, Абдулатип Режевалиев жана Гүласал Садырбаева тарабынан көтөрүлдү.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 бала бакча ачылган болсо, бүгүнкү күндө алардын 9у жабылуу алдында турат. Кендирди кескен жагдай бала бакчалардагы тарбиячыларга каражат төлөнбөгөндүгүндө болууда. Ансыз деле тарбиячылар 1 жыл бекер иштеп беришкен. Ошону менен катар бала бакчалар жабылып калбасын деп өз чөнтөктөрүнөн дагы каржылап келишкен.

Мындай көйгөйдүн чечилишин депутаттар Өкмөткө багытташты деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.