мусор

Талас шаары үчүн жаңы жыл  жакшы жаңылык менен башталды. 2015-жылдын 2-январында Талас шаарында желим  баштыкчаларды жана пластикалык идиштерди кабыл алуучу пункт ачылып, ишке киришти. Учурда 1 кг  калың  желим баштыкчалар 15 сомдон,  жука  желим баштыкчалар жана пластикалык идиштер 7-8 сомдон кабыл алынууда. Аталган пункт эртең мененки  саат 9дан кечки 4кө чейин иштеп жатат.

Шаардык мэриянын демилгелүү аракеттерине карабастан, Талас шаарын таштандыдан арылтуу кыйынга туруп келүүдө. Таштандыларды төгүү үчүн белгиленген точкалардын айланасы, арыктардын ичи, камоктордун тегереги желим баштыкчаларга толуп чыгып, шаар ичин жүдөмүш көрсөтүп турат. Буга пайдаланган желим баштыкчаларын туш келди ыргытышкан шаар жашоочуларынын өздөрү күнөөлүү экендиги талашсыз. Эми жараксыз желим баштыкчаларды жарактуулукка айландыруучу пунктка тапшырып, жакшы пайда көрүүгө мүмкүнчүлүктүн ачылышы  шаардын ичин таштандыдан  арылтууга  шарт түзүлүп отурат.

«Ал эми туш келди жерде барсайып жаткан баклашкаларчы?.. Андан кантип арылабыз?» Биздин бул сурообузга аталган пункттун кызматкерлери учурда  баклашкаларды кабыл алуунун жолун издеп жатышканын айтышты.

Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу