сел

Күн жылып, жаздын деми согоору менен тоолордогу кар, муз эрип, суу каптоо коркунучун туудурары кадыресе көрүнүш. Жаз айларында табигый кырсыктардын кооптуулугу чоң. Айрыкча, аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлбөгөн жерден кар көчкүсү же суу каптоо сыяктуу коркунучтарды жаратат. Табигаттын мындай кубулуштары эсепсиз чыгымдарга гана дуушар кылбастан, айрым учурларда адам өмүрүнө да коркунуч алып келген учурлар жок эмес. Жакында эле, тагыраагы, 18-февралда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында кар көчкүнүн алдында калып, каза болгон учур катталды. Мындай кырсыктар республиканын башка да аймактарында да болууда.

Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу адистеринин белгилешинче, кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы – октябрдан тарта апрель айына чейин (февраль-март айлары өзгөчө кооптуу) эсептелет. Ал эми жаздын алгачкы күндөрүндөгү экинчи бир коркунуч – суу ташкыны. Селдин жүрүшү суу тосмолорунун жана жээктердин бузулушуна алып келет. Мындай учурда жээктерге жана эңилчээк жерлерге жакын жайгашкан аймактарды суу каптоосу толук ыктымал. Андыктан, дарыя агымынын айрым жерлеринде гана эмес, анын бүтүндөй агымы боюнча суу ташкынына каршы күрөшүү чараларын көрүү зарылдыгы негизги маселелерден. Бул боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов эң оболу, суу агымынын жээктерин бекемдеп, толук кырдап чыгуу талап кылынаарын айтат.

“Бүгүнкү күндө селдин жүрүшүн алдын ала болжолдоого мүмкүн. Айрыкча, дарыя куймаларында катуу шамалдын сууну уюлгутуп айдашынан келип чыккан ташкындоо – бөөдө кырсыктын күтүүсүз түрүнөн болуп саналат. Андыктан, кырсыктарды алдын алуу үчүн ыкчам аракеттерди көрүүдөбүз. Суу каптоонун же сел жүрүүнүн алдын алуу бир гана биздин милдет эмес. Тийиштүү министрлик чараларды көрөт деп, бизге таянып коюп, кол куушуруп олтура берген болбойт. Баары тең жапа-тырмак киришип, жок дегенде ар ким өзүнүн тегерек-четин тазалап, жашылдандыруу аракеттерин көрө билсе, боло турган кырсыктардын алдын алгандык болоор эле”, – дейт министр Кубатбек Боронов.

Албетте, калктуу пункттардын аймагына бак-дарактарды жыш олтургузуу боло турчу кырсыктардан сактануу, алардын кесепетин азайтуу ыкмаларынын бири болуп саналаары бышык. Анан да эң маанилүүсү, кар кетери менен тегерек-четти тазалап, суу агуучу арыктарды чаап, каналдарды тазалоо, ашыкча таштандылардан арылуу абзел. Муну ар бир кожолук, мекеме-ишкана кызматкерлери жасай билиши кажет. Анткени, бул жогоруда белгиленгендей, суу каптоо, сел жүрүү кырсыктарын дээрлик кыскартууга шарт түзөт. Аталган министрлик да калк арасында бул багыттагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алек.

Эске салсак, жакында эле Бишкек шаарынын чет жакасында орун алган Ала-Тоо жаңы конушундагы чоң жолдун жээгинде суу толуп, турак жайларды каптап кеткен. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай көрүнүштүн келип чыгышына 2-3 күн катары менен күндүн ысып кетиши себеп болсо, жергиликтүү тургундардын өздөрүнүн көңүл бурбастыгы ага кошул-ташыл болгон.

“Кыш бою тазаланган кар бир жерге үйүлүп, эшик алдыларында арыктардын жоктугунун кесепетинен кардын суулары кайра турак-жайларын каптап кеткен. Андан тышкары, бул жайда суу өтүүчү арыктар жана каналдар жок болуп чыкты”,- деп билдирди ӨКМ маалымат кызматы.

Министрликтин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев үстүбүздөгү жылдын 28-февралына чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачындарга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын бир катар тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунда (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 284-295 жана 300-308-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталаарын маалымдайт. Бул аралыкта жолдор тайгак болуп, муз тоңгондуктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарылдыгын эскертет.

“Көп учурда Гидрометтин ал­дын ала эскертүүсүнө маани берилбегендиктен жана андагы айтылган эрежелердин сакталбагандыгынан коркунучтуу кырсыктар катталып жатат. Айрыкча, тоо этектериндеги унаа жолдорунда жол эрежелерин кылдат сактап, айдоочулардын унаа аралыктарын кармануусу маанилүү”, – дейт агенттиктин директору З.Итибаев.

Динар Турдугулова