кимчан

Түштүк Корея өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Ким Чан Гю жубайы, жана ЖКнын депутаты Алишер Абдрахманов менен 3 күндүк атайын иш сапары менен Баткен облусунда болду. Элчи КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Өкмөт өкүлү Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасы, туризм тармактарындагы жетишкендиктер, өнүгүүлөр жөнүндө айтып, келечекте да бул ийигилктер көп боло тургандыгын айтып өттү.

Кореянын КРдагы элчиси Ким Чан Гю болсо, Баткен мүмкүнчүлүктөргө бай өрөөн экенин айтып, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнө жубайы жазган «Кыргызстан Орто Азиянын альфасы» деген китебин тапшырды. Бул китепти анын жубайы Кыргыздардын үрп-адаттары, салттары, өзгөчө кооз жайларын жазган. Белгилей кетчү нерсе, Айгүл тоо жана айгүл гүлү жөнүндө да бул китепте жазылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Баткен шаарындагы поликлиника, өрүк кургатуучу цех менен таанышты.  Баткенге болгон иш сапардын негизи эле Баткен облусу менен жакындан таанышуу.

Баткен шаарындагы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цехи менен да таанышты. Аталган цех 2012-жылдан баштап иштеп келет. Бул жерде өрүктөр кайра иштетилип, баштыктарга салынып, 200 гр өрүк жайында 40 сом, ал эми 300 гр 60 сомдон сатылат.

Негизинен бул жерден чыгарылган продукциялар Кыргызстандагы соода түйүндөрүнө коюлат. Ошондой эле, Тажикстандын соодагерлери сатып алышат жана Россияга да экспорттолуп турат.

Аталган цехтин башчысы Болот Абдуллаевдин айтымында, 2014-жылы 100 тоннанын тегерегинде өрүк кайра иштелип чыккан. Элчи Баткен шаарындагы №1, №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен да таанышты.

Андан соң элчи Баткен облустук биргелешкен ооруканасы менен таанышып,  Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов менен да жолукту. Жолугушууга ЖКнын депутаты У.Кочкоров да катышты.  Элчи жолугушууда айтылган маселелер боюнча алдыда иш аракеттер болорун айтып, мындай байланыштар улана берет, деп кошумчалады.

Ким Хван Су – Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чан Гюнун жубайы. Жубайлар дипломатиялык тармакта 25 жылдан ашуун иштеп келишет. Ким Хван Сунун айтымында, алар 2-2,5 жылда жумушуна байланыштуу жер которуп турушат. Бир өлкөнүн ичинде болсо да, тез-тезден жер алмаштырып туруу оңой нерсе эмес дейт ал. Элчинин жубайы үчүн  Кыргызстандын жаратылышы жана эли өзгөчө жагаарын билдирген.

  А.АКМАТОВ, Баткен шаары