Төрагасы Асылбек Жээнбеков Жапония Парламентинин жыйынына Япония Президенти Масааки Ямадзаки менен жолугушууга барат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Жапония Парламентинин кеңешчилер Жыйынынын Президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу боюнча Жапонияга расмий иш сапар менен барат. Иш сапар ушул жылдын 18-20-ноябрь күндөрү болот деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Парламенттик делегациянын курамында – Төраганын орун басары Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Карганбек Самаков, Агрардык саясат, суу респустары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов, Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү Турсунтай Салимов жана Социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Алтынбек Сулайманов.
Бул расмий иш сапардын алкагында Жапония Парламентинин эки палатасынын спикерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Жапония жетекчилиги менен жолугушуулар күтүлүүдө деп белгиленет.
Парламенттик делегация ошондой эле Технологиялык өркүндөтүүнү алга жылдыруу жана инновациялык жетишкендиктерге көмөктөшүү боюнча ассоциацияга (TEPIA), “Токионун кичи жана чакан бизнесинин өнөр-жай көргөзмөсү – 2014” айыл чарба өнөр-жайынын көргөзмөсүнө баруусу мерчемделүүдө. Делегация Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти А.Танака менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Жапонияга иш сапар алкагында парламентарийлер Токио шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.


Leave a Reply