суучул3 суучул4
суучул6 суучул- суучул5- суучул2-

 2014-жылдын 18-декабрында КРнын ӨКМнин  Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун түзүлгөнүнө 5 жыл болду.

 Борбордун негизги максаты “суучулдар ишинин”, “сууда куткаруу ишинин”, “сууда адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоонун” , “дайвингдин”  түптөлүшүн уюштуруу, өнүктүрүү жана өркүндөтүү, өз алдынча бүтүндөй суу алдындагы техникалык иштерди, издөө-куткаруу, илимий изилдөө жана эксперт иштерин бардык суу объектилеринде жүргүзүү. Ошондой эле  республиканын дарыяларында, көлдөрүндө, суу сактагычтарында жана башка сууларында жарандардын массалык эс алуу жерлерин жабдуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, “суучул иши”  адистиги боюнча үзгүлтүксүз окутууну жүргүзүү болуп саналат.

 Борбор – бул суучулдар иши боюнча кошумча атайын  кесип берүү; бардык суу алдындагы  иштерди, гидротехникалык курулуштардын  плотина бөлүктөрүн, суу чарбалык иштерин аткаруучу  обьекттерин ремонттоо жана тейлөө, куткаруу, республиканын бүтүндөй сууларында жана акваторияларында суучулдардын авария –ремонттоо жана башка иштерин уюштуруу жана жүргүзүү  багытында иш аткарган көп  тармактуу мекеме.

 Борборунун  (Суучулдар кызматынын) үч  элементи бар:

Терең суу Шаймашай  Суучулдар Бекети

Суучулдар мектеби

Медициналык комплекси

  5 жыл ичинде Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору тарабынан 502 кызматкер окуудан өткөрүлүп, квалификациялары жогорулаган. Ал эми жайкы мезгилге даярдык көрүп, республикабыздагы жарандар сууга түшүүчү жайларда күзөттө турган ар бир эс алуучу жайдан жалпы 100гө жакын суучулдарды окутушкан. Ошондой эле Казакстандан, Түркмөнстандан ж.б. мамлекеттерден жыл сайын келип окуудан өтүп турушат.

  Аталган Борбор тарабынан элибиздин коопсуздугун сактоо максатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келе жатат. Айта кетсек, жайкы сезондо республикабыздын аймагындагы көлмөлөрдө,  көлдөргө, сууга түшүүчү жайларга атайын сууда сүзүүнүн эрежелери жазылган баннерлерди орнотуу, суудагы белгилерди көзөмөлдөө, эл арасында сууда жүрүүнүн эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштери  жүргүзүлгөн.

 Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясын жана Стратегиясын,  Кыргыз Республикасынын “Авария-куткаруу кызматтары жана  куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын ылайык  2009-жылдын 18-декабрындагы №791 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен  Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору ачылган.  Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.