«Сунель Табак» компаниясы Кыргызстанда өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотту
«Сунель Табак» компаниясы Кыргызстанда өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотконун билдирди. Бул тууралуу КРнын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин «Сунель Табак» ЖАКтын башкы директору Чагдаш Сайлак менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жабылуу, кыргыз фермерлери тарабынан өндүрүлгөн «Дюбек-4407» сортундагы тамекиге дүйнөлүк тамеки базарында суроо-талаптын азайгандыгына байланыштуу, деп түшүндүрдү ишкананын жетекчиси.
Ошондой эле, Э.Чодуев «Империал Тобако Казахстан» башкы директорунун орун басары Динмухаммед Айсаутов менен да жолугушту.
Leave a Reply