Студенттерге сынак!
Кыргыз журналистикасы экономикалык аналитикадан, дегеле бул темадагы окумдуу макалалардан өксүк. Бул өксүктү жоюуга жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылын татыктуу өткөрүүгө салым кошуу ниетинде Журналистика, Коммуникация жана Экономика факультеттеринин студенттеринин арасында “Эркин Тоо” гезити “Эң мыкты экономикалык макала” сынагын жарыялайт:
– аналитика;
– маек;
– репортаж, ж.б.
Материалдардын жанрына чек жок, бирок, аналитикалык макалаларга артыкчылык берилет. Сынак жыл соңунда жыйынтыкталып, калеми курч үч студентке баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Мыкты жазган, калеми курч жана сабаттуу студенттерди “Эркин Тоо” гезити жумушка алуу жагын да караштырат.
Макалаларды гезиттин электрондук дарегине “сынакка” деп жиберүү керек.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193, 1-кабат.
E-mail: erkintoo@elcat.kg сайт: www.erkintoo.kg


Leave a Reply