Согуш ардагерлерине апрелде гана эмес, ар убак сый-урмат көргөзөлү
Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. Бул улуу датага карата мамлекет башчысы былтыр эле Жарлыгын чыгарып, Жеңиш майрамын татыктуу майрамдоого даярдыктарды көрүүгө старт берген эле. Эми убакыт аз калды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар ортосундагы мамилелер мамагенттигинин директору Накен Касиев апрель айын согуш ардагерлерине камкордук көрүү айы деп жарыялоону сунуш кылууда. Анын айтымында буга байланыштуу иш-чараларга Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана алардын жесирлеринин жашоо-шарты менен таанышып, турмуш-тиричилик жактан тейлөөгө жардам берип, мындан тышкары, согуш жоокерлерине арналган эстеликтерди, мемориалдык комплекстерди жана башка жайларды иретке келтирип, жашылдандыруу иштери үчүн ишембиликтерди өткөрүү, айылдык китепканаларда эскерүү бурчтарын уюштуруу иштери кирет. Ал бул үчүн керектүү каражатты жергиликтүү жана республикалык бюджеттен караштырууга болот деп эсептейт.
Теманы улай кошумчалай кетсек, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев жөнүндөгү “Анын эрдиги унутулбайт” аттуу китеп жарык көрдү. Китепте материалдар хронологиялык ирети менен жайгаштырылган. Ар бир документтин номуру, датасы, окуя болгон жер жана издөө маалыматтары архивдик материалдардын негизинде топтоштурулган.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Leave a Reply