Шайлоолорду өткөрүү үчүн биометрикалык маалыматтардын мааниси өтө зор
12-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдында жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоону түзүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү.
Биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча учурда аткарылып жаткан аракеттер туурасында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шайикова айтып берди.
Айтымында, биометрикалык маалыматтарды алууга керектүү республикабызга келген 950 комплект жабдуунун 600ү аймактарга жеткирилди. Ош шаарына – 20, Ысык-Көл областына – 82, Ош областына – 110, Нарын областына – 75, Жалал-Абад областына – 112, Чүй областына – 125 комплекти жабдуулар бөлүнгөн.
Ал эми баш калаабыздын төрт районунда маалымат жыйноо кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 30 миңден ашык адам маалымат тапшырышкан.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жана он-лайн режиминде областтардын жана райондордун жетекчилеринен маалымат уккан Өкмөт башчынын биринчи орун басары Т.Сарпашев 25-ноябрга чейин алынган 600 комплект жабдууларды тезинен орнотуп, ишке киргизүүнү табыштады.
“Бир дагы комплект жабдуу ишсиз турбасын. Декабрь, январь жана февраль айларында айыл жерлериндеги жашоочулардан маалыматтарды толук жыйноого мүмкүндүктөр бар. 1-январга карата 1 млн. адамдан маалымат жыйноо зарыл. Бул өткөрүүгө мүмкүн милдеттер. Биометрикалык маалыматтар парламенттик шайлоолорду адилет өткөрүүгө шарт түзөт. Биометрикалык маалыматтардын коопсуздугу бардык талаптарга жооп берет” – деп айтты, Т.Сарпашев жыйын соңунда.
Атай Алтымышев


Leave a Reply