Био 2

Мындан ары шайлоочулардын тизмесин тактоо, аныктоо маселелеринде жооптуу милдетти Борбордук шайлоо комиссиясы эмес, Мамлекеттик каттоо кызматы аркалайт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев жума күнү шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун кезектеги отурумунда билдирди.

Анын айтымында, 27-октябрда өткөн Улуттук кеңештин жыйынынын жыйынтыгында Өкмөт менен БШК биргелешип ушундай келишимге келишкен. Ал келишимге ылайык, БШК шайлоочуларды шайлоо тилкелерине келгенде аларды бюллетендер менен камсыздап, добуш берүү кызматын оңдоп берүү жана добуш берүү аяктагандан кийин эсепти чыгаруу иштери менен алектенсе, ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочуларды идентификациялоо иштерин алып бармакчы. Бул боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан талкууга алынып, жыйынтыгында колдоо тапты. Эми ал Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу парламенттин бекитүүсүнө сунушталат.

Жумушчу топтун жыйынында каралган экинчи маселе – шайлоо учурунда партиялардын парламентке өтө турган босогосун аныктоо болду. Белгилей кетсек, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоо босогосу жалпы шайлоого катышкандардын 7%дык босогосунан өтүү тартиби колдонулган. Ал эми 2015-жылкы шайлоодо жакында эле парламенттеги КСДП жана “Ар-Намыс” фракцияларынын лидерлери Чыныбай Турсунбеков менен Феликс Кулов иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык босого тартиби киргизилет. Анткени, ал мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун 7%дан 10%га көтөрүү каралган. Бул боюнча Данияр Нарымбаев өз оюн мындайча билдирди: “2010-жылкы шайлоодо шайлоо босогосу жалпы тизменин 5%ын түзгөн болсо, азыр жалпы тизме деген түшүнүк жок. Мында шайлоого катышкан адамдардын саны маанилүү. Мурунку шартка салыштырмалуу айта турган болсок, мурда 5% болсо, азыр 5,92% болот экен. Демек, 1%дан ашпаган кошумча кошулуп жатат. Муну түшүндүрүү – маанилүү нерсе. Анткени, коомчулукта мурда 5% болсо, азыр 10% кылып, абдан татаалдаштырып жиберди деген түшүнүктөр болуп жатат. Бул андай эмес. Депутаттар да бул ыкманы колдоп берет деген ишенимдебиз”,- дейт ал.

Баарыбызга белгилүү, учурда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жүрүп жатат. Ошол эле учурда коомчулукта бул биометрикалык маалыматтар кандай учурларда колдонулат, маалыматтар канча убакка чейин жана кандай эрежеде сакталат, ал маалыматтар адамдардын өздөрүнө каршы колдонулбайбы деген сыяктуу тынчсыздандырган суроолор болуп келет. Бул тууралуу кооптондурган суроолорго да жумушчу топтун жыйынында жооптор айтылды. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мындай коркунучтарга негиз жок экендигин түшүндүрүп, жарандардын биометрикалык маалыматтарын алуу шайлоолордун ачык-айкын жана таза өтүшүн камсыз кылуу максатында гана жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал 2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоого өздөрүнүн биометрикалык маалыматын берген кыргызстандыктар гана катыша алышаарын айтып өттү.

“Кээ бир жарандар бир нече ID-cardтарга ээ экенин, алар ар кайсы паспорт берүүчү бөлүмдөрдө жазылганын көрүп жатабыз. Ал эми айрым чет элдик жарандарда Кыргызстандын паспорттору бар болгон учурлар кездешүүдө. Жарандардын биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө тапшыруусу менен ушуга окшогон мыйзам бузуу иштери кайталанышына бөгөт коюлмакчы”, – дейт Т.Абдраимов.

 Динар ТУРДУГУЛОВА