Шашылыш эскертүү: кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт
2014-жылдын 8-декабрынан 12-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 284-295-жана 300-308-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.
Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 2-декабрында чыккан № 22-буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 12-декабрына чейин узартылды.


Leave a Reply