финансы1

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 11-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө, учурда өлкөдө системалык кризис бар экенин, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү менен инвестициялык кырдаал жакшырып, инвестиция келээрин, Бажы биримдиги аркылуу кырдаал өзгөрөөрүн билдирди. Батыш менен Орусиянын ортосундагы санкциялык согуштар Кыргызстанга да терс таасирин тийгизе баштаганын Өкмөт белгиледи.

Кыргыз экономикасына терс таасирин тийгизген негизги фактор бул Орусия менен Батыштын санкциялык кармашуусун алсак болот. Он ай ичиндеги экономикалык көрсөткүчтөр эмнеден кабар берет?

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын он айында ички дүң продукция 3,7% өскөн. Кумтөрдү кошпой эсепке алганда өсүү темпи 3,9% жеткен. Анын ичинде курулуш тармагы 23,8%, энергетика 7,5%, өнөр жайы 2,4%, тейлөө жана соода тармактары да 5-7% тегерегинде өскөн. Кыргызстандын экономикасы акыркы мезгилде өсүү темпин күчөттү. Маселен, тогуз айда экономика 3% өскөн болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 3,7% өсүшкө жетишкен. Кыргызстандагы ички дүң продукциянын 25% айыл чарба түзөт. Жалпы калктын 67% айыл жергесинде жашайт, жумушка жарамдуу калктын 32% айыл чарбасы менен эмгектенишет. Жалпы республика боюнча айдоо жерлеринин аянты 1280 миң га түзсө, анын 861,1миң га фермердик чарбаларга, 340,7 миң га ар кандай коллективдерге, 64 миң га жеке адамдарга таандык.

Аны менен бирге акыркы он ай ичинде инфляция 7%ды түзгөн. Тышкы соодада тескери сальдо сакталып, тогуз ай ичинде импорт дээрлик 4 млрд. доллар, экспорт 1 млрд. 100 млн. долларга жакын сумманы түзгөн. Демек, тескери сальдо төрт эсеге жакын. Тышкы соодадагы мына ушул тескери сальдо улуттук валюта сомдун туруктуулугуна урулган сокку экенин адистер белгилешет.

Жыл башынан бери орус рубли 40%га нарксызданды. Бул нерсе украин кризисинен улам Батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизип, мунай баасы арзандаган учурга туш келди. Орус рублинин баасынын төмөндөшү, кыргыз экономикасына да өз таасирин тийгизиши мүмкүн экенин адистер белгилешет. Маселен, Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттарын мисалга алып карайлы. Батыш менен Орусиянын ортосундагы санкциялар кире элек мезгилде, 30 миң рубль айлык алган адам, алган айлыгын АКШ долларына алмаштырганда 1000 АКШ доллары болсо, азыркы тапта 30 миң рубль 700 АКШ долларын түзүүдө. Бул көрсөткүч кыргыз мигранттарына да таасирин тийгизери шексиз. Орус рублинин кунунун түшүшүнө жана чет жактан келген товарлардын баасынын кымбатташына себеп болгондой. Өткөн жылдын акыркы айларынан баштап, доллардын курсу кескин жогорулап кеткендиги баарыбызга маалым. Мындай жогорулоо Кыргызстан эле эмес Россия, Украина өңдүү бир катар мамлекеттерде орун алган. Доллардын курсунун жогорулашы, коммерциялык банктардын талабынан жана импорт болгон нерселердин контрактарын төлөөдөн улам өсүүдө. Өзгөчө күйүүчү майдын, автомобилдин, металлдын жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын импортуна байланыштуу. Андан сырткары , эл аралык деңгээлдеги каржылык кубулуштар, АКШнын борбордук банкынын доллардын массасын чектөө боюнча аракеттери да өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Кошумча маалымат

Буга чейин АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 12 ирет өзгөргөн. 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, 2008-жылдан 2013-жылга чейин доллардын курсу болгону 1 сомдон бир аз ашыгыраак эле жогоруласа, 2013-жылы доллар баасы 3,89 пайызга кымбаттаган. 2014- жылдын 10-февралына карата алмаштыруу курсу 51,25 сомду түзгөн. Бүгүн доллардын курсу 57 сомду чапчып турат.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА