буурчакБыйыл Талас облусунда 55 миң гектарга жакын аянтка төө буурчак айдалган. Былтыркы жылга салыштырмалуу анын аянты 10 миң гектарга көп эгилди. Себеби, 2013-жылы андан түшкөн киреше арбын болуп, наркы эл күткөн баадан да кескин көтөрүлгөн. Ал турсун төө буурчактын кирешесине кызыккан дыйкан-фермерлер аны быйыл Чүйдө, Түштүк жергесинде да эгишкен.

Бирок, кыялы менен байып, былтыркыдай болуп кирешеге маарыйбыз деген дыйкандардын тилеги орундалбай калды. Бир чети кургакчылыктын кесепетинен суу тартыштыгы жаралып, бир эле төө буурчак эмес, башка айыл чарба өсүмдүктөрү дагы өз убагында сугарылбаганы түшүмдүн ойдогудай алынышына терс таасирин тийгизди. Экинчиден, түшүм толук жыйнала электе жаан-чачындын көп болушу менен үшүктүн жүрүшү төө буурчактын сапатын түшүрдү. 1 гектар аянтка төө буурчак айдаган айрым дыйкандар орточо эсеп менен 200-300 кг түшүм алышкан. Былтыр гектарынан 1 тоннадан 2,5-3 тоннага чейин түшүм алынса, быйыл гектарынан 1 тоннадан да түшүм ала алышпай, дыйкандардын жайды жайлата кылган эмгектери талаага кеткендей болду. Дыйкандар төө буурчакты былтыркы баадан кем эмес баада сатабыз деп тилек кылышкан эле. Бирок, бардыгы климаттык шартка, сапатына жана дүйнөлүк баага көз каранды болот эмеспи. Мисалы, Өзбекстанда 1 кг фасолдун баасы 44-77 сом, Бразилияда 25 сом, Молдовада 80 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Былтыр Талас облусу боюнча 84 миң тоннадай төө буурчак жыйналып, 60 миң тоннадан ашыгы чет өлкөлөргө экспорттолгон. 1 килограммы 120 сомго чейин чыккан. Азыр тазаланганы 65 сомдун тегерегинде болуп жатат. Дыйкан-фермерлер мындай баага макул эмес. Алар бийлик өкүлдөрү менен депутаттардан төө буурчактын баасын эртерээк чечип беришпесе, митингге чейин чыгаарын эскертишкен. Мындай маалыматты парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү билдиришкен. Анда дыйкандардын абалы жөнүндө жеткиликтүү сөздөр айтылган. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төө буурчак менен алектенген фирмаларга баасын жогорулатып алгыла деген талапты коюу, мажбурлоо туура эместигин айтат. Ал азыр төө буурчакты сатууга шашпай, колдон келсе декабрь-январь айларына чейин кармап турушса, балким учуру келгенде баасы дагы көтөрүлөөрүн белгилеген.

Ал эми спикер А.Жээнбеков болуп өткөн жыйында митинг жолу менен эч нерсе чечилбесин, ал тескерисинче ишти ого бетер артка тартаарын билдирди. Андай иштер болсо, сатып алчу фирмалар дагы ишин токтотуп, баасы дагы түшүп кетээрин эскерткен.

Албетте, дыйкандардын нааразылыгын түшүнүүгө болот. Бирок, кандай товар болбосун, рыноктогу ага болгон суроо-тпка жараша баа чыгат эмеспи. Бул бүгүн эле жарала калган маселе эмес.Тилекке каршы, быйыл төө буурчактын баасы рынокто төмөн болууда.

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жакында Талас облусунун 70 жылдык мааракесине барган учурда жергиликтүү төө буурчак өндүрүүчүлөр жана сатып алуучулар менен жолугушуп, жагдайды өз көзү менен көрүп келген. Министрдин маалыматы боюнча тазаланбаган төө буурчакты 58 сомдон, ал эми тазаланганын 63 сомдон 65 сомго чейин баалап алып жатышыптыр. Мындай баага эл нааразы. Төө буурчак менен алектенген ири компаниялар ачыкка чыгып өздөрү сатып алышпай, көмүскөдө ортомчулар аркылуу иш жүргүзүп жатышкандыгы үчүн абал ушундай болуп жатат. Министр бул боюнча тиешелүү адамдарга көрсөтмөлөрдү, тапшырмаларды берген. Т.Айдаралиев азыр сатпай эле кармап турууну эл менен баарлашып, бир чечимге келишкендиги тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бактыгүл Кулатаева