баткен

Баткен районунун Самаркандек айылында 10 миңге жакын калкты тейлеген коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бардык жерде ачылган коомдук кабылдамаларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Эске салсак, бул иш-чара эл аралык толеранттуулук фонд тарабынан жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин банги заттардын эл аралык жүгүртүлүшү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча бөлүмүнүн колдоосу менен болду.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу