“Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы ички мыйзамдарды эл аралык мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 4-декабрында өтүп жаткан жыйынында Кыргызстандын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлору каралып жатат.
“Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин мүчөсү Талантбек Узакбаев алып чыкты.
Бул мыйзам долбоору 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясын аткаруу жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Бажы бирлигинин өлкөлөрүнүн мыйзамдары түзүлгөн Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын, Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун санитардык жана фитосанитардык чараларын колдонуу боюнча макулдашуунун эрежелерине жана принциптерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан.
Анда өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилөөгө багытталып, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктап, өсүмдүктөр карантини жаатындагы көзөмөлдүк жана өндүрүштүк милдеттерди, ошондой эле карантинге жаткан продукцияларды соодалоодо тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырган жана өсүмдүктөн алынуучу продукцияларды өндүрүүнүн, сатуунун, сактоонун жана кайра иштетүүнүн үстүндө иштеген жеке жана юридикалык жактардын негизги укуктары менен милдеттерин камсыз кылуу боюнча бири-бирин кайталоону болтурбоо максаты коюлган.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Т.Узакбаев баяндама жасаган “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору да 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук милдеттенмелерин аткаруунун алкагында атмосфералык абаны коргоо боюнча мамлекеттик саясатты күчөтүү болуп эсептелет. Долбоор муздаткыч техниканы, кондиционерлерди, өрт өчүрүүчү каражаттарды жана озон бузуучу заттарды камтыган башка продукцияны оңдогон жана (же) пайдаланган жана аларды каттоого алууга жана атмосферага терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу боюнча иш чаралардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү болгон жеке жана юридикалык жактардын ишин жөнгө салууга арналат.
Ал эми 2-окууда каралган “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруБажы бирлигине катышкан –мамлекеттерде озон катмарын сактоо жаатында ченемдерди гармонизациялоого багытталган. Долбоор аркылуу аракеттеги мыйзамга жаңы терминдер – рециркуляция, рекуперация, калыбына келтирүү менен толукталууда. Аны менен өндүрүштүн калдыктары жана андан ары рециркуляция (рециклировкалоо) же жок кылуу үчүн аларды калыбына келтирүү максатында көрсөтүлгөн продукциялардан ошол уулу заттарды рекуперациядан арылатууда озонду бузуучу уу калдыктуу заттарды көмүү белгиленген.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар айлана-чөйрөнү, экологияны, абаны автоунаалардан чыккан уулуу заттардан коргоо, сырттан стандартка жооп бербеген, уулу зат бөлүп чыгаруучу автоунаа дөңгөлөктөрдүн, пиротехникалардын сатылышына жана алып кирүүгө тыюу салуу жана жөнгө салуу боюнча айрым маселелерди такташты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply