афганчы

Жалал-Абад облустук жана шаардык  бириккен Баткен согушунун ардагерлер кеңеши 2010-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.  Эсиңиздерде болсо, Баткен окуясы 1999-жылдын июнь айын баштап 2000-жылдын  ноябрь  айынын аягына чейин жүргөн эле. Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, ислам халифатын куруу максатында,  “ФАНО”(фергана, Андижан, Наманган, Ош)  деген жашыруун аталыштагы кол  салуу операциясын ишке ашыруу болгон.

Бул кол салууга Афганистан жана Пакистан өлкөлөрүнөн даярдалган “Белые чулки” тайпасы аркылуу снайпер кыздар, келишим негизинде кызмат өтөгөн Эл аралык уюшулган террористтер коому тарабынан жиберилген  куралдуу даярдыктары жогорку деңгээлдеги  боевиктер топтору Баткендин Коджашкан, Зардалы ж.б. чек арага жакын жайгашкан 5 айылды үч ай коркунуч туудуруп кармап турушкан. Ошондой эле, Алай  жана  Чаткал тараптын чек арага жакын айылдарына да кол салышкан. Башкача айтканда, Кыргызстандын түштүк аймагынын үч багыты боюнча кол салуу аракетин жасашкан.

Кол салган Эл аралык чет элдик террорчулар басып алган айылдарында кызмат абалында жүргөн мамлекеттик кызматкерлерди, айыл башчыларын жана милиция кызматкерлерин сураксыз эле  эл алдында атып өлтүрүшкөн.  Ошол эле мезгилде эл ичинде  соода-сатык  иштерин жүргүзүп  жана маалымат топтоочу атайын  иш-чараларды уюштурушкан. Мисалы,  мал жандыктарын сатып алышкан бир койдун баасы  200 (эки жүз) долларга бааласа уй жандыктарын  1000 (миң) долларга чейин баалашып, эл менен байланыш түзүү аракетин көрүшкөн.

Кара-Булак айылында  Абдилазиз аттуу  жарандыгы  белгисиз  адам, там куруу иштери менен  алектенип жаткан адам көрүнүп, 1997-1998жылдардан баштап эле айылдыктар менен алака мамилесин түзө баштаган. Ал күн сайын спорт менен машыккан адам болуп  чек араны аралап машыгып жүргөн эле, кийин  бул адам  террорчулардын  “полевой командири”  болуп чыккан жанаайыл ичинен алган тийштүү маалыматтар менен өз тарабын камсыздап турган.   Ал эми,  1999-жылдын 17-сентябрынан 18-сентябрга караган түнү  Сырт айылына караштуу  чек арага жакын жайгашкан эки капчыгайды кайтарууга   алып  жаткан  кыргыз жоокерлерине  кол  салуу болгон. Бул түндөгү болгон кол салуудан 7 жоокер эрдик көрсөтүшүп баатырларча курман болушкан , 17 жоокер оор жаракат алышкан, бир взводдогу 28 жоокер түнү бою  жүздөн ашуун боевиктер менен айыгшкан кармашууга туш болушкан. Белгилей кетчү нерсе, дал ушул куралдуу кагылышууда бизге белгилүү болгон “беспалый” каймана атка конгон Абдилазиз баштаган террорчулар тобу эле.  Таңга жуук  кыргыз жоокерлеринин арасына террорчуларды баштап келген Абдулазиз окко учуп, анын денесин алып кетүү аракетин абдан катуу көрүшкөн террорчулардын  30дан ашууну  керт башын өлүмгө сайып өлүк денени өз тарабына алып кетүүгө аракеттенишкен.  Террорчулардын  бир өзгөчө өздөрүнүн алдына койгон талабы болгон, ал жаракат алган же окко учуп каза болгон катарлаштарын эч качан согуш талаасына  калтырышкан эмес. Эч болбосо бетин таанылгыс кылып жанчып салышкан жана курман болгон адамдарын чогултуп алдына жардыргычтарды жашырып буктурма орнотушкан. Бул  үйүлгөн өлүктөрдүн сөөктөрү  табылган жерге барышкан кыргыз жоокерлеринин бир тобу капыстан жарылууларга дуушар болуп жаракат алып жана көз жумушкан учурлар болгон.

Абдулазиздин өлүк денеси кыргыз жоокерлерине жакын калгандыктан алып кете алышкан эмес, анын денеси экспертизадан өткөрүүгө Коргоо министерствосунун учагы менен Ошко жөнөтүлгөн. Согуш талаасында каза болгон 7 жоокерибиздин денеси өз туулган айылдарына бир офицер жана үч солдаттын коштоосунда жеткирилген.

Кыргыз мамлекети өз эгемендүүлүгүн алганына 10 жылга жакын мезгил болуп жатканы менен, ошол кезде Мекен чебин коргоо жана Аскер кызматкерлери менен катардагы жоокерлерге дегеле көңүл бөлгөн эч ким болбой бул тармак абдан аянычтуу абалда калган. “Менин кейип айткым келгени, ошол учурдагы президентибиз  А.Акаевдин “Биздин мамлекеттин душманы жок, бизге ким кол салмак эле?” – деген түркөйлүк ойду айтканы да маалымат каражаттарынан орун алган. Ушул көрүнүштөн  коргоо күчтөрүндө кызмат өтөп жүргөн офицерлер айлап маяна алышпай, карызга батып кетишкен. Баткен коогалаңы башка түшкөн мезгилде, “боевик” эмес, даярдыгы жок душман менен да кармаша албай турган абалдагы бутуна аскер бут кийими эмес, тапканын, үстүнө аскер кийими эмес, ага да тапканын кийген жоокерлер менен, өз каалоосу менен Мекен чебин коргоого барган запастагы офицерлердин күчү менен туруштук берүүгө туура келген деп айтууга болот. Ошол коогалаңдан кийин гана кыргыз жоокерлерине мамлекет тарабынан көңүл бөлүнө баштаган” – дейт Жалал-Абад областынын кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин №2 өпкө оорулар бөлүмүнүн жетекчиси,  медицина кызматынын  запастагы капитаны, Жалал-Абад областтык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Арстан Нарматов.

Даярдаган Мейманбү АКЖОЛОВА