ахметова1

КР Президентинин аппаратынын каржы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты. Маалыматка ылйык, бул жөнүндө Өкмөттүн токтому чыга элек, бирок бүгүн чыгышы керек. Башкаруу мүчөлөрү болуп «РСК Банктын» мурдагы жетекчисинин орун басары Алмаз Айбалаев, KICB банкынын башкаруу мүчөсү Бакыт Курманбеков тандалды. Директорлор кеңешине болжолдуу каржы министри жана экономика министри кириши керек. Эскерте кетсек, 2014-жылдын декабрь айында өнүгүү фондунун уставы бекитилген. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев директорлор кеңешинин курамына Россия тараптан – үч өкүл, Кыргызстандын атынан – эки өкүл шайланышы керектигин айткан. Ал эми башкаруу курамына Кыргызстандын атынан – үч өкүл жана Россиянын атынан – эки өкүл дайындалмак. Өткөн жылдын 31-декабрында Россия-Кыргыз фондунун эсебине алгачкы 100 млн доллар келип түшкөндүгү маалымдалган. Белгилей кетсек, буга чейин кол коюлган келишимге ылайык, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 500 млн долларды түзөт. Мындан тышкары Россия 500 млн доллар суммасындагы карыз берүүгө дагы милдеттеме алган.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА