Пул түшүргөн клиент артыкпы…
Баш калаабызда шаар тургундарын, алыс-жакындан келгендерди тейлеген автоунаалар мамлекеттин бекем көзөмөлүнөн чыгып кетиши, мындай бейтартипте иштешкенинин бирден бир себеб – шаардагы калкты тейлеген парктар жаңы автоунаалар менен жаңыланбагандыгы. Эл ташыган менчик бусиктердин 40 миң гана автоунаага эсептелген бүгүнкү тар жолду эсепке албай, “клиенттерди илип кетүү” үчүн светофордун кызыл жарыгын, жол эрежелерин көзүнө илбей айдаган айдоочуларга: “Абайлап айдасаңчы, жүргүнчүлөр сага, отун эмес да” дегендерге, айдоочу: “Жакпайбы – такси менен жүр” деп корс этет. Себеби, аларга жүргүнчүлөрдүн эсендиги эмес, унаасынын дөңгөлөгү айланып,аренда акысынан кутулушу маанилїї.
Борбор калаабыздагы автопарктар бир нече жылдардан бери арбын жүргүнчүлөрдү ташый турган автобустарга муктаж. 2010-жылы Кытайдан алынып келинген автобустардын көбү иштен чыккан. Натыйжада,Бишкек мэрлиги алыс-жакындан келгендерди эмес, шаар тургундарын автоунаалар менен камсыздоого каражаттары жетпейт. Каражаттын тартыштыгынан, жүздөгөн автобустар тетиктердин, бир даары дөңгөлөктөрдүн жоктугунан токтоп турушат.
Шаар жетекчилигинин бүгүнкү күндө бишкектиктердин көйгөйүн толук кандуу чечүү үчүн 600гө жакын автобус керектелет, ал эми шаардагы жүргүнчүлөрдү ташыган автопарктар болгону 150-160 гана автобус чыгарууга чамасы жетет. Алар күнүнө 600гө жакын жүргүнчү ташыйт, арасында жеңилдетилген жол кире төлөгөндөр да бар, таң эрте ишке чыккан айдоочулар болгону-11 миң сом алышат. Ушундай себептерден улам, автопарктарда туруктуу, иштегендер аз.
Мамлекеттин борборун аралап жүргөн автоунаалардын, санын гана эмес, сапатын, өзгөчө айдоочулардын маданиятын жогорлатуу маселеси да курчуп барат. Чөнтөк телефону менен МАИчилер жөнүндө кесиптештерине маалымат берип, жолдогу автоунаалардын жол эрежесин бузушуп, узун тыгындарды пайда кылганы аз келгенсип, салондогу улуу-кичүүнү көзүнө илбей сөгүнгөндөрдү тартипке чакырып, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын көтөрүүнү Бишкек шаарынын жетекчилиги бекем көзөмөлгө албаса, борбор калаанын кайсы баркы калат?
Бактыбек ИМАМАДИЕВ


Leave a Reply