Президент Алмазбек Атамбаевдин үч жылдык ишмердигине кандай баа бересиз?
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жооптуу жүктү аркалап келатканына туура үч жыл толду. Бул аралык анчалык узак болбогону менен эл-журттун башында туруп, жоопкерчиликти алуу – маанилүү иш. Бул жагынан алганда Алмазбек Атамбаевдин эр жүрөктүүлүгү, саясий чөйрөдөгү мол тажрыйбасы, адамдык акыл-парасаты, анан да аракетчилдик максаттары арбын экени көрүнүп турат.
Соңку убактарда Кыргызстан кыйын кезеңди баштан кечирүүдө. Суу тартыштыгынан улам энергетика көйгөйү жаралып, Бажы биримдигине кирүү алдындагы базар бааларынын кымбатташы, айтор, экономикалык кыйчалыш мезгилди эске албаганда, элдин биримдиги, мамлекеттин туруктуулугу жогорудагыдай олку-солку саясатка туруштук бере алды. Албетте, мунун аркасында журт башчысы Алмазбек Атамбаев турду. Мамлекеттүүлүктү сактоодо өлкө башчысынын ролу зор эмеспи. Бул жагынан алганда, чакан болсо да өлкөбүздүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр арасындагы кадыр-баркы, алака-катышы дурус. Айрыкча, акыркы убактарда кошуна өлкөлөр менен достукта жана жылуу маанайда кызматташтыгыбыз өнүгүп жатат. Бул да болсо Алмазбек Атамбаевдин дасыккан дипломаттык жөндөмүнүн жогору экендигин айгинелеп турат.
Дегеле, Президент Алмазбек Атамбаевдин үч жыл аралыгындагы ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз, ал өлкөнүн ички жана тышкы саясатында кандай иштерди аткара алды жана мамлекетти өнүктүрүүдө кандай иштерди жасап жатат деген суроолордун тегерегинде оозунда сөзү бар, көрүнүктүү инсандарды кепке тарттык.
Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев:
– Алмазбек Атамбаевдин президент катары ишке киришкен үч жыл аралыгында аткарган иштерин кандай баалайсыз?
– Өлкөбүздөгү соңку оор убактан кийин Алмазбек Атамбаевдин Президент болуп такка отурушунун өзү тарыхыбыздагы жакшы окуялардан болуп калды. Мурдагы эки бийликке тең ишеними кеткен элдин үмүт шооласын кайра жандырып, эки чылбыр, бир тизгинди колго алаар замат мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жакшы иштерди жасап баштаганын баалайм. Өлкөнүн келечеги үчүн алгачкы кадамын тышкы саясатты бекемдөөдөн баштады. Мунун өзү Алмазбек Атамбаевдин иштин көзүн билген жетекчи экенинен кабар берет. Баарыбыздын эсибизде, Атамбаев ажолук милдетине киришээри менен адегенде Түркияга сапар тартты. Сапардан жемиштүү келди, өлкөнүн карыздарын гана жойдурбастан, кошумча жардам иретинде каражат да алып келди. Орусияга да барып, ошондой жыйынтык менен келди. Айрым көрө-албастар “Кыргызстандын кошуна өлкөлөр менен мамилеси солгундай түштү” деп айтып жатышат. Мен бул пикирлерге кошулбайм. Кошуна мамлекеттер менен карым-катышыбыз, ымалабыз солгундамак турсун, достукта жана жылуу мамиледе уланып жатат деп айтат элем. Жакында эле Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга, Түркмөнстанга барып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп, бир катар келишим документтерине кол коюп келгендиги жана Тажикстандын Өкмөт башчысынын биздин өлкөгө келип кетиши да буга далил боло алат.
– Өлкөдөгү учурдагы ички абалга көз карашыңыз кандай?
– Турмушубуз өтө деле оор эмес. Мурунку качкан президенттер жөн качпай, мамлекеттин байлыктарын тоной качышыптыр. Башында экономикабыз бир топ сызга отуруп калган. Азыр баары бир кылка калыпка салынып калды. Президентибиз азыр да бүт аракетин жумшап иштеп жатат. Бирок, ал жалгыз жетишпейт. Ага колуна кол, бутуна бут болуп, башка жетекчилер жардамдашыш керек. Ошондо азыркыдан да жакшыраак ийгиликтерге жетишебиз. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып, өөнөп калуунун амалын издешүүдө.
Мындан 4-5 жыл мурда айыл чарба тармагындагы абал өтө начар болуп кеткен. Азыр ал да кыйла жакшырып, дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенгендердин жашоо турмушу оңоло баштады. Ошого карабай, шаар жерлеринде жашоо оор бойдон турат. Анткени, шаарларда мурдагыдай күтүрөп иштеп турган заводдор, фабрикалар жок. Өндүрүш тармагын колго алып, ири өнөр жайды жандантсак, булар өлкө экономикасын көтөрүүгө жардам берет эле.
Коомдук ишмер Турсунбек Чыңгышев:
– Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин өлкөнү бекемдөө, туруктуу өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
– Алмазбек Атамбаевдин мамлекет башчысы катары ант берип, ишке киришкенине туура үч жыл болуп отурат. Бул убакыт аралыгында өлкөнү бекемдөө, ар тараптан туруктуу өнүктүрүү боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Атамбаевдин демилгеси менен өтүп бараткан жыл “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деп жарыяланып, анын алкагында көптөгөн иштер аткарылды. Аны менен катар 2013-2017-жылдардын мезгилинде өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы бекитилип, ага ылайык стратегиялык жолдордун курулушу, электр түйүндөрүн модернизациялоо менен энергетикалык көз карандысыздык маселесинин чечилиши, эң негизгиси, Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү босогосунда тургандыгы кыргыз эли үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм. Буюрса, Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин алдыда дагы үч жылдык мөөнөтү бар. Буга чейин ден соолугун, күчүн аябай, болгон деми, аракети менен кыргыз эли, мамлекети үчүн чын дили менен иштеп келген болсо, мындан кийин да ушул калыбынан жазбай, керек болсо, жанын аябай иштеп берээрине ишеним зор. Мамлекет – жалпыбыздын үйүбүз. Андыктан, үйүбүзгө кут, береке алып келген журт башчыбыздын бардык аракеттерин колдоого тийишпиз.
Академик Алтай Бөрүбаев:
– Өлкө башчысынын үч жыл ичинде жасаган иштеринин маанилүүсү деп кайсыларды айта аласыз?
– Президент Алмазбек Атамбаевдин үч жылкы ишин негизинен жемиштүү деп эсептейм. Биринчиден, коррупция менен системалуу күрөшүүдөгү президенттин ролун белгилеп кетким келет. Экинчиден, өлкөбүзгө Президенттин аракети менен келип жаткан көптөгөн инвестициялар, түзүлүп жаткан каржылык фонддор экономикабыздын өнүгүшүнө салымын кошуп жатат. Үчүнчүдөн, бийлик бутактарындагы, маселен, сот тармагындагы, билим жана илим тармагындагы жүрүп жаткан реформалар, ошондой эле тышкы саясаттагы эффективдүү иш-аракеттери колдоого арзырлык. Мисалы, Орусия, Кытай, Түркия, Борбордук Азия, Европа мамлекеттери менен карым-катыштарды бекемдеп жатат. Евразия экономикалык биримдикке кирүүдөгү Президенттин чечкиндүүлүгүн айтпай кетүүгө болбойт. Жакында эле дин тармагында да чечкиндүү кадамдарды жасады. Алдыда дагы көп иштерди жасаарына ишенем. Ошондуктан, кыргыз элинин жана өз атымдан ишине ийгилик, өзүнө ден соолук каалайм.
Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков:
– Кыргыз мамлекеттүүлүгү 2200 жылдан ашык тарыхында татаал мезгилдерди басып өттү. Ал эми эгемендикке жетишкен жылдардан бери деле канчалаган оош-кыйыштарда жашап, тагдыр чечүүчү окуяларды баштан кечирип келет. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылында Кыргыз мамлекети мамлекет катары бекемделүүнүн ордуна коррупцияга батып, криминал менен биригип кеткен кландык режимдин күч алышы мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын кетирип, улуттук байлыктарды талап-тоноого жол ачуу сыяктуу жоготууларга дуушар болгонубуз өкүндүрөт. Мына ушул негизги принциптерди эске алуу менен өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев мамлекетти туруктуу өнүктүрүү жана аны бекемдөөнү максат кылып, маанилүү кадамдарды жасоону колго алды. Чынын айтыш керек, негизи эле соңку 2-3 жыл аралыгында өлкөдө маанилүү бурулуштар жүргүзүлүп жатат. 2013-2017-жылдар аралыгында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы иштелип чыгып, эң негизгиси, энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө багытталган кадамдар жасалууда. Тамыры абдан жайылып кеткен коррупция илдетине каршы күрөш, соттук жана аскердик реформалар жана дагы алдыдагы шайлоолорду таза өткөрүүгө карата аракеттерди да белгилөөгө болот. Булардын баары тең мамлекеттүүлүктү бекемдөө максатында ишке ашууда.
– Билим берүү жаатында реформа жасоо керектигине ушул тармактын өкүлү катары кандай карайсыз?
– Өзүм билим берүү тармагында иштеп келаткан соң, ушул жааттагы пландардын ишке ашышына токтолуп кетким келет. Аскердик коопсуздук, чек ара коопсуздугу ж.б. коопсуздуктар көп. Ошолордун ичинен эң негизгиси – билим берүүдөгү коопсуздук болуп саналат. Башкача айтканда, билим берүү мамлекетибиздин эң негизги коопсуздугун камсыз кылуучу тармак. Азыр бизде билим берүү боюнча эң чоң эки коркунуч бар. Биринчиси, айрыкча, айыл жерлеринде билимсиз балдардын чоң армиясы өсүп келатканы. Экинчиси, шаардагы балдардын чет элдик жогорку окуу жайларынан билим алып, алардын маданиятын, саясатын, тарыхын окуп, ички дүйнөсү, тарбиясы “антикыргыз” болуп кетип жаткандыгы. Бул экинчи топтогулар өтө коркунучту жаратат. Анткени, алардын ата мекенге болгон сүйүүсү, ички туюму начар же таптакыр жок. Ошондуктан, билим берүү тармагында сөзсүз реформа жүргүзүү зарылдыгы мезгил талабы деп эсептейм. Бул боюнча Президентибиздин пландары ишке ашаарына да ишенем.
Профессор, академик Аскар Какеев:
– Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине үч жыл толуп отурат. Бул убакыт аралыгында ал өзүн кандай көрсөтө алды деп ойлойсуз?
– Алмазбек Атамбаевди көп убактан бери жакшы билем. Саясатта абдан бышкан, тажрыйбалуу, билимдүү, ар нерсеге жөндөмдүү, ийкемдүү жигит. Эл башында туруп, өлкөнүн жүгүн көтөрүү, жоопкерчилигин колго алуу оңой иш эмес. Бул жагынан жакшы эле иштерди жасап жатат. Үч жыл аралыгында эң ири маселелерди колго алды. Маселен, эл ишиниминен кетип бараткан сот тармагын реформалоо, тамыры кулач жайып, өркүндөп кеткен коррупцияны жоюу, кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жүргүзүү, дин тармагындагы реформа сыяктуу руханий багыттагы жүргүзүп жаткан иштерин колдойм. Ал эми өлкө экономикасын көтөрүү багытындагы иштери да колдоого татыйт.
Учурда мамлекеттик башкаруу түзүлүшү боюнча парламенттик-президенттик башкаруу системасында жашап жатабыз. Бирок, Президентибиз көп иштерди парламентке шылтап, кол куушуруп отуруп албай, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жан-дили менен иштеп келет. Кудай берген жетекчибиз бар экенине сыймыктансак болот. Алдыда дагы үч жылдык мөөнөтү бар. “Келерки мөөнөткө барбайм, өз ыктыярым менен президенттикти өткөрүп берем”, – деп азыртан айтып жатканын жигитчилик деп баалайм. Анткени, мындай сөздөрдү алдын ала айтуу көптөрдүн колунан келе бербейт.
Коомдук ишмер Кыяз Молдокасымов:
– Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү жакынкы беш жылда Кыргызстандын алдында турган – туруктуу саясий системасы, арымдуу өнүккөн экономикасы бар жана калктын кирешеси туруктуу өскөн, демократиялуу мамлекет катары калыптандыруу максатында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын кабыл алды. Стратегиянын негизги идеясы жакшы. Анткени, анда мамлекетти, айрыкча экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча маанилүү идеялар камтылган.
– Улуттук стратегиянын алкагында аткарылып жаткан иштерге көз карашыңыз кандай?
– Президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Ошого чейин мамлекеттин саясий системасын турукташтырып, экономикасын жөнгө салып, өлкөнү өнүгүү жолуна салып коеюн деп аракет кылууда. Ал эми кабыл алынган Улуттук Стратегиянын алкагында аткарылып жаткан иштер туурасында айта турган болсом, азыр коомчулукту мобилизациялаган иштер жүрүп жатканы байкалат. Стратегиянын алкагында аткара турган иштер арбын. Менин оюмча, алгач элдин калың катмарына стратегиянын өзөгү тууралуу сиңирип, анан элди ишендирип, үмүттөндүрүп, иш баштоо абзел. Анан да жогоруда айтылгандай, бул үлкөн программаны турмушка ашыруу үчүн үлкөн каражат керек. Анткени, бул Кыргызстандын экономикасы. Демек, аны өнүктүрүүгө реалдуу каражат бөлүү, анан да демдүү аракет көрүү абзел.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Leave a Reply