Президент Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту
Бүгүн, 2015-жылдын 27-январында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монголдук кызматташуунун маселелери талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Цахиагийн Элбэгдорж өлкөлөр ортосундагы саясый диалогду мындан ары активдештирүү, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендигин белгилешти.


Leave a Reply