Эгемен 1

Кыргызстан эгемен мамлекет катары өз алдынча түтүн булатканына 2016-жылы чейрек кылым толот. Ал эми узап бараткан жылы өлкөбүздө “Мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жылы” деп жарыяланганы баарыбызга маалым. Жакында болсо Президент Алмазбек Атамбаев “эч кандай кан төгүүсүз, кармашуусуз алган эгемендигибиз, мамлекеттүүлүгүбүз – жараткандын калкыбызга тартуусу, аны сактап калалбасак шорубуз” деп айтты. Өлкө башчынын сөзүндө калет жок. Анткени, дүйнөдө жашаган 3-4 миңдей этностордун баарысына, алардын арасында саны кыргыздардан бир нече эсе көптүк кылган айрым улуттарга да мамлекет түзүү бактысы буюрган эмес.

Учурда дүйнөдө 262 өлкө бар деп айтылат. Бирок, Бириккен Улуттар Уюмунун катарына кирген эгемен мамлекеттердин саны, Ватикан менен кошо 194кө гана жетет. Көптөгөн өлкөлөр бири-биринин көз карандысыздыгын тааныбай да келишет. Мисал катары, эгемендиги эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Абхазия, Кытай Республикасы, Косово Республикасы, Палестина, Сахара Араб Демократиялык Республикасы, Түштүк Осетия Республикасы, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Тоолуу-Карабах Республикасы, Днестрдеги Молдаван Республикасы, Сомалиленд, Азавад, Азад Жамму жана Кашмир сыяктуу 12 өлкөнү, алардан тышкары, макамы алиге чейин аныкталбаган бир катар аймактарды айтсак болот.

Ал эми Түркия, Сирия, Иран жана Иракта, ошондой эле дүйнө жүзүнө чилдей чачыраган 38 миллионго жакын иран тилдүү күрддөр Күрдистан мамлекетин түзсөк деп кылымдар бою күрөш жүргүзүп келет. 1920-жылы дүйнөлүк Арбитраждык сот Күрдистанды эгемен мамлекет деп тааныганына карабастан, күрддөрдүн кыялы азыркыга чейин кагаз бетинде калууда.

Жакынкы Чыгышта еврейлер менен эч тажабай кармашып келаткан палестиндер тарыхчылардын айтымында, азыркы Израилдин аймагында жөөттөр пайда болгонго чейин эле отурукташкан калк экен. АКШ, Канада, Швеция, Норвегия сыяктуу БУУга мүчө бир катар өлкөлөр мамлекет болушу керек деп эсептеген менен, расмий түрдө Палестина мамлекети деген азыркыга чейин жок. Аларды араб өлкөлөрү да мамлекет катары тааныгылары келбей жатат. Себеби, акыркы генетикалык изилдөөлөр палестиндер менен еврейлердин генотиби, кыргызча айтканда, теги абдан окшош экендигин далилдеген.

Ал эми генетиктердин аныктамасы боюнча, Европада байыркы элдердин бири эсептелген басктар азыркы француз, испан, португал, англичан жана ирланд улуттары менен тамырлаш. Өз алдынча мамлекет болууну каалаган басктар диктатор Франконун мезгилинде Эускади Та Аскатасуна (Баскония жана Эркиндик) деп аталган көмүскө уюм түзүшкөн. Бирок, бул уюм Европада террористтик уюм катары көбүрөөк таанымал.

Испания өкмөтүнүн башын ооруткан дагы бир этнос – каталондуктар. Ушул жылдын 9-ноябрында Каталонияда референдум өткөрүлүп, 1,6 млн. адам провинциянын эгемендүү мамлекет болушу үчүн добуш беришти. Бирок, испан бийлиги өнөр жайлуу жана монархиянын эң ири порттук борбору эсептелген Каталонияны колдон чыгаргысы жок.

Ушул тапта дүйнөдө 10 миллионго жакын цыган улутундагы калк бар. Бул этникалык топ негизинен Европада отурукташканы менен соңку жылдары Америка континентине орун которуп жатканы байкалууда. Лингвистикалык жана генетикалык изилдөөлөр цыгандардын Индиядан тарагандыгын тастыктаган. Булардын да дүйнөгө чачырап кеткендиги үчүн еврейлерге окшоштуруп жүрүшөт. Айырмасы – цыгандардын мамлекети жок.

Азыркы Кытайдын аймагында жашаган тибеттиктердин да эне тили, маданияты, дини жана тарыхы болгону менен 1949-жылы мамлекеттүүлүктөн айрылган. Бирок, Индиянын түндүгүндө Лобсанг Сенге башында турган куугунтуктагы өкмөтү бар. Кытай өкмөтү менен тил табыша албагандыктан, тибеттиктер көз карандысыздыгын качан кайтарып алаарын айтыш кыйын.

Ушул эле Кытайдын түштүк-батышында отурукташкан дунгандардан кийинки эле көп сандуу, мусулман диндүү уйгур калкына 1955-жылы өз алдынча автономия ыроолонгон менен, булар да эгемен мамлекет болсок дегенде эки көзү төрт. Тибеттиктерге окшоп, 1949-жылга чейин уйгурлардын Чыгыш Түркстан мамлекети болгон. Азыр уйгурлардын жалпы саны дүйнөгө жайылып кеткендерин кошсок, 12 миллионго жакын. Маселен, Кытайдын өзүндө – 11 млн., Казакстанда – 250 миң, Кыргызстанда – 60 миң, Өзбекстанда – 50 миң, Түркияда – 40 миң, Сауд Арабиясында – 30 миң, Пакистанда – 10 миң, Европада – 10 миңдей уйгурлар бар.

Бирок, уйгурлардын эгемендүүлүккө умтулуусу көп учурларда террордук актылар менен коштолуп жаткандыктан, сепаратисттер деген жаман ат жабышканын айта кетүү зарыл.

Индияда жашаган 20 миллиондон ашык сикхи деген эл 1980-жылдан бери Халистан мамлекетин түзөбүз деп аракеттенишет. Аларга өкмөт тарабынан бир топ укуктар менен эркиндиктер, диний автономия берилгенине карабастан, ар кандай теракттарды уюштуруп жатышкандыктан, аларды да сепаратисттер катары Индия бийлиги аеосуз жазалап келет.

Кошумчаласак, азыр Жер шарында эсеби бир миллиондон ашкан 300дөн көп, беш миллиондон ашкан 130га жакын, он миллиондон ашык – 76, жыйырма беш миллиондон арбын – 35, жүз миллиондон ашкан 7 түрлүү улуттар жашайт.

Атай АЛТЫМЫШЕВ