презА

 27-декабрь, ишемби күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Ага республиканын бардык аймактарынан келген журналисттер жана чет өлкөлүк ММК каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алгач маалымат жыйынында өлкө башчысы өтүп бараткан жыл ичиндеги маанилүү жагдайларга токтолуп, экономикалык жетишкендиктер менен катар ички жана тышкы саясий учурларды тизмектеп, маалымат иретинде айтып өттү. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыл жемиштүү болду

“Узап бараткан 2014-жыл кандай болгон учурда да жаман жыл болгон жок. Жыл “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деп аталып, анын жана мамлекетибизди бекемдөө, туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында бир топ маанилүү иштерди аткара алдык. Айрыкча, жыл ичинде экономикалык жагдайыбыз жакшыруу жолуна түшүп бараткандыгын байкоого болот. Айтсак, январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын көлөмү акчалай көрсөткүчтө 347 млрд. 778,7 млн. сомду түздү. 2013-жылы экономиканын өсүшү негизинен кайра иштетүү өнөр жайында, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө болсо, ал эми өтүп бараткан 2014-жылы кайра иштетүү өнөр жайында, курулушта жана соода-сатыкта кошумча нарктын көбөйүшү менен камсыз кылынды”, – деп билдирди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчысы белгилегендей, жыл өткөн сайын салык кирешелери жана бажы жыйымдарында туруктуу өсүш байкалууда.

“Инвестицияларды тартуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттардын бири. Андыктан, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүү үчүн валюталык жөнгө салуу маселелеринде жетиштүү түрдө либералдык мыйзамдардын болушу шарт. Бул багытта жакшы жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алдык деп ойлойм. Инвесторлорго инвестицияларды коргоого жана туруктуу укуктук режимди колдонууга укук берилди. Лицензиялоо системасын жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар киргизилди, пайдага жана кирешеге салыктар азайтылды”, – деди өлкө башчысы. Ошондой эле ал кошумчалагандай, ушул жылы инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча иштер улантылды. Дүйнөлүк банктын 2014-жылга “Бизнес жүргүзүү” отчетунун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан Түркия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн озуп, өлкөнүн позициясын 2 пунктка, 70-орундан 68-орунга жакшыртты. Дүйнөлүк экономикалык форумдун жыл сайын түзүлүүчү Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча, биздин өлкө 127ден 121-орунга жетип, 6 позицияга көтөрүлдү.

Жакырчылыктан өнүгүүгө карай кадам

Өлкөнүн коомдук-саясий жагдайы учурда турукташуу жолунда. “Эң маанилүү жагдайдын бири эл аралык институттардын Кыргызстанды жакыр мамлекеттердин тизмесинен чыгарышы болду. Мындан тышкары, акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөдөгү митингдердин саны бир кыйла кыскарган. Ошондой эле социологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө республикадагы 2-3% атуул гана өлкөнүн саясий жагдайы тууралуу эстеп тураары белгилүү болду. Аталган көрсөткүч эки жыл мурдагыга салыштырганда ондогон эсе аз. Бул өлкө туруктуу өнүгүүгө багыт алды деген сөз”,- дейт Президент.

Мындан тышкары А.Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча кабыл алынган стратегияны ишке ашыруу алкагында макулдашууларга кол коюлуп, болжол менен 5 млрд. АКШ доллары суммасында инвестициялар тартылгандыгын айтты.

“Кыргызстандын карыздарын азайтуу боюнча да жигердүү иштер жүрүп жатат” деген өлкө башчысы жыл ичинде карыздарды кечүү жөнүндө келишимдерге жетишкенибизди белгилеп өттү. Негизги карыз боюнча 488,9 млн. АКШ доллары жана 2049-жылга чейин төлөнүүгө тийиш болгон пайыздар боюнча 110,1 млн. АКШ доллары жалпы суммасындагы Кыргызстандын карызын Россия Федерациясынын этап-этабы менен кечиши болду. Президент айткандай, бул тышкы карызды төлөөгө каражаттардын бир бөлүгүн бошотууга жана аларды мамлекеттик бюджеттин башка маанилүү жагына багыттоого мүмкүндүк берет. Ал эми Түркияга болгон 49,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызын кечүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлушу да маанилүү иш болду.

Газ көйгөйүнөн арылууга мезгил жетти

“Көптөн бери жүрөк өйүгөн газ маселеси чечилди. Жыл чынында кыйын, оор болду. Кургакчылыкка, суу тартыштыгына карабай, жылды жакшы жыйынтыктап отурабыз. Учурдан пайдаланып, Түштүк жергесиндеги жарандарыбызга газ жоктугуна чыдап жатышкандыктары үчүн ырахмат айтат элем. Бирок, кыйынчылыктардын баары артта калды. Жакында газ да өзүбүздүкү болот, соодалашпай, каалаганча эркин колдонуу укугуна ээ болобуз. Биз чындап көз карандысыз мамлекет болуу жолунда бара жатабыз. Кыргызстан бардык мамлекеттер менен жакшы жана тең мамиле түзүүнү көздөйт. Жасалбаган бардык нерселер да жакшы жагдай экендигин айткым келет. Убакыт биздин пайдабызга чечилүүдө жана бутубузга туруп жатабыз. Эртеби, кечпи кошуна өлкөлөргө Кыргызстан менен тең укуктуу өлкө катары эсептешүүгө туура келет. Бирок, ал үчүн биз эң оболу өзүбүздү сыйлай билишибиз абзел. Ошондо башкалар да республикабыз менен тең укуктуу өнөктөш катары эсептешүү керек экендигин түшүнүшөт”, – деген Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эми туруктуу өнүгүүнүн жолунан артка кайтпай тургандыгына ишенээрин кошумчалады.

Газ маселеси боюнча “Баткенден чыккан газды элге жеткирүүдө бир көйгөй жаралып жатат. “Баткеннефтегаз” чет элдик фирмага сатылып кетиптир. Учурда, кандайча сатылганы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Буйруса, бул маселе бир айдын ичинде чечилет. Андан соң түтүктөр курулуп, келерки жылдын күзүндө түштүк жергеси газ менен камсыз болуп калат деп ишенем”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Президент жакында эле Араб өлкөлөрүнө болгон иш сапары тууралуу айтып, Дубайдын түзүүчүсү, анын эмири менен жолугушканын эске салды. «Ал өзүнүн китебин берип, “Адам эртең менен турганда күн жакшы болот деп ишенип ойгонуш керек”, деп айтты. Ошол сыяктуу эле, ай, жыл жакшы болот деп ишениш керек. Ар дайым жакшы нерсеге ишеним артсак, ошол максатка сөзсүз жетишебиз. Ошондуктан, эч качан сынбай, ыраазы болуп жашагыла. Кудайга шүгүр, Кыргызстанда жашоо дурус. Буга нааразы болбошуңар керек. Кыргызстанды алдыда тоодой келечек күтүп турат», – дейт А.Атамбаев.

“Кыргызстан интеграциялык бирикмелердин принциптүү тарапкери болуп келген жана боло берет”

Өзбекстан менен Евразиялык экономикалык союздун эркин соода аймагын түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрү боюнча мамлекет башчы Өзбекстан интеграциялык процесстерге кызыкчылыгын билдиргендигин жана бул жакшы көрүнүш экендигин белгилеп, ар кандай интеграция бир гана пайда алып келээрин айтты. “Дүйнөлүк экономиканы глобалдаштыруу шарттарында бир да өлкө өзүнчө жашап, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруштук боло албайт. Кыргызстан дайыма интеграциялык бирикмелердин жана биринчи кезекте экономика чөйрөсүндөгү бирикмелердин принциптүү тарапкери болуп келген жана боло берет”,- деди А.Атамбаев.

Белгилей кетсек, жакында эле Москва шаарында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү жөнүндө келишимге кол койду. Бул боюнча мамлекет башчы “Биз 2012-жылдан бери Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча кызуу даярдык көрүп келебиз. Кыргызстандын КМШнын мейкиндигинде Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу интеграциялык институттардын толук укуктуу мүчөсү болууга умтулуусу биринчи кезекте өз экономикасы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен шартталган”,- деп билдирди.

“Бизде көп экспорт бар деп ойлобогула. Белоруссиядагыдай Бажы биримдиги боюнча чатактар болбойт. Бажы биримдигине кирбей койсок эмне болот? Казакстан чек араны кааласа эртең эле жаап салат. Товарларга, ошол эле буудай, бензинге бажы төлөмдөрүн киргизип коет. Мен канчадан бери эле айтып келе жатам. Түшүндүрө албай койдум. Бажы биримдигине мен өзүмдү ойлоп кирип жаткан жерим жок. Макул, кирбей коелу. Анда экономикабыз өспөйт, жарды бойдон калабыз. Керек болсо, биримдиктеги бир өлкө бизди кабыл албайбыз деп каршы чыккан. Евробиримдиктин өкүлү да “Бажы биримдигине кошулбай эле койгула” деп айтты эле, “анда бизди Евробиримдикке кошкула, азыр кол коюп берейин” десем, “Жок, силер менен чек арабыз жок, кошо албайбыз” – дейт. Андай болсо, биз ким менен биригели? Өзбекстанга же, Афганистанга кошулуп кетелиби? Мен эртеңки күндү ойлонуп, анан кадам жасап жатам. Мени колдоп, кубаттап коюуңуздарды суранам”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Ал эми өлкөнүн ЕАЭСке кошулуусу менен бажы жыйымдарынын эсебинен Кыргызстандын экономикасына кирешелерди көбөйтүүгө жардам берээрин, уюмга кошулгандан кийин орусиялык жана кыргызстандык инвестициялардын көбөйүшү күтүлүп жаткандыгын жана бул биринчи кезекте мамлекеттин ичинде экономикалык жана саясий турукташтыруу үчүн өтө маанилүү фактор болуп саналаарын айтып, ошондой эле ЕАЭСке кирүү менен чек арага чектеш райондордо туруктуулук факторун жогорулатуу мүмкүндүгү кеңейээрин да кошумчалады.

Мындан тышкары ал биримдикке киргенден кийин башында бир аз кыйынчылыктар болоорун, товарларга баалардын өсүшү күтүлөөрүн белгилеп, бирок, келечекте өлкөбүздүн экономикасына сөзсүз түрдө оң натыйжа берээрин айтып өттү. Анын айтымында, ЕАЭС өлкөлөрүнүн рыногунун ачылышы Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоого мүмкүндүк берет жана биздин кийим тигүүчүлөр үчүн зор мүмкүнчүлүктөр пайда болмокчу. Ошондой эле Казакстанда жана Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын абалы жакшырып, казак, орус ишкерлери менен алардын укуктары теңелмекчи.

“Электр энергиясын экспорттой турган өлкөгө айланабыз”

“Кыргызстан өзүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу чакырыгына туш болду. Эгемендик жылдарында электр энергиясын керектөө көбөйдү. Өлкөнүн 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, энергетика тармагындагы улуттук долбоорлор ишке ашырылууда”,-деди Президент Алмазбек Атамбаев. Албетте, бул келечектен жакшылыкты үмүттөндүрбөй койбойт. Акыркы жылдардагы бул тармактагы маанилүү кадамдар деп Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталгандыгын, “Датка”, “Кемин” подстанцияларынын курулушу аяктагандыгын, ошондой эле “Датка-Кемин” электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы линиясынын тартылып жаткандыгын жана өлкөнүн Түштүк облустарын өздүк газ менен камсыз кылуу боюнча чечимдер иштелип чыгып жаткандыгын айтууга болот. Мындай ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жакынкы жылдары республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Биз өлкөбүздү электр энергиясын импорттобой, экспорттой турган өлкөгө айлантышыбыз керек. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларынын электр тармактарын модернизациялоонун үч жылдык программасы аяктап калды. Узактыгы 140 чакырым болгон “Айгүлташ-Самат” электр берүү линиясы жана “Самат” подстанциясы курулуп, Баткен элинин электр көз карандысыздыгын камсыз кыла алды”,- деди А.Атамбаев. Ошондой эле ал экспорттук коридорду диверсификация кылуу үчүн “CASA-1000” долбоорунун алкагында “Датка-Ходжент” (Тажикстан) 500 кВт ЭБЛ куруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, көрүлгөн чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун көтөрүүгө жана энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга салым кошоору анык.

Инфраструктурабыз өнүгүү жолунда

Баарыбызга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү авто жолун куруу башталып, азыркы тапта кызуу уланууда. Ал гана эмес, өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында жана ири шаарларында автомобиль магистралдарын реконструкциялоо жана куруу жүрүп жатат. Бишкек шаары боюнча эле айтсак, 2010-2014-жылдары Бишкек шаарында 118 чакырым жол курулуп жана реконструкцияланды. Жолдор боюнча өлкө башчы А.Атамбаев, “2014-жылдын ноябрында баасы 36,97 млн. АКШ долларына барабар болгон 56 чакырым жол (Баткен облусунда) участогун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Дүйнөлүк банк да Борбордук Азияда жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программанын биринчи фазасынын алкагында курулуш иштерин каржылоого даяр. Макулдашуунун алкагында Ош, Баткен, Исфана шаарларын байланыштыруучу жолдордун бойлору жана ага жакын жерлер (Баткен облусунда болжол менен 56 чакырым жол) куруу иштери каржыланат”,- деди.

Тышкы саясаттагы беделибиз бекемделүүдө

Акыркы жылдары тышкы саясаттын жаңы түшүнүгү калыптана баштады. Муну менен Кыргызстандын эл аралык бедели бир топ бекемделди. Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши (ТТМКК), ЖККУ жана ШКУ сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдарга төрагалык кылгандыгын, борборубузда мамлекет башчыларынын үч жыйынын: ТТМККнын 2-саммитин, ЖККУнун бейформал саммитин жана ШКУнун кезектеги саммитин уюштургандыгын айта кетүү зарыл. Дагы кошумчалай кетсек, Кыргызстан 2013-2015-жылдар мезгилине БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Эң эле маанилүүсү, “Кыргызстандын бермети” аталган Ысык-Көл жээгинде бир жума бою дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү өлкөбүздүн дүйнөлүк деңгээлде аброюн дагы да көтөрө алды.

Ал эми 20 жылдан бери Араб өлкөлөрү менен кызматташтык, саясий мамилелер солгундап, ал тургай таптакыр эле болбой калганын билебиз. Президент           Алмазбек Атамбаевдин ушул Араб дүйнөсүн ачууга кылган бараандуу эмгеги айтаарлык болду. Президенттин жыл жыйынтыгын чыгаруу боюнча маалымат жыйынында буга байланыштуу суроого ал “Ачык айтканда, Арабияга жасаган негизги кадамым каражат издөө болгонун жашырбайм. Анын үстүнө биз мусулманбыз. Убагында биз тараптан катачылык кетип, арабдарды таарынтып алганбыз. Буюрса, Араб өлкөлөрү менен кызматташууда Кыргызстанды жакшы келечек күтөт. Араб өлкөлөрү менен көп иштерди жүргүзө алаарыбызга ишенем”,- деп жооп берди.

Ири жылыштар жана жетишкендиктер

Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген жылдар аралыгында өлкөдө ири жылыштар да болуп келатканын айта кетүү ашыктык кылбайт. Айтсак, коррупцияга каршы күрөштө белгилүү бир жыйынтыктар болуп, коррупционерлер жазаларын алышты. Президент өзү белгилегендей, азыр чиновниктер пара алуудан айбыгып, ыплас иштерге баруудан оолак боло түшүштү. Кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жүрүп, ал да жыйынтыгын берүүдө. Ошондой эле өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн, сот тармагын, мамлекеттик башкарууну реформалоосу жана илим тармагында реформанын башталышы маанилүү кадамдар болду. Мындан тышкары, таза шайлоого кадам коюу менен бирге башка өнүккөн өлкөлөрдөй биометрикага өтүү жагынын камсыздала башташы. Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин бекемдөө 2013-2017-жылдар мезгилине өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, анын алкагында да натыйжалуу кадамдар аткарылды.

Мындан тышкары өлкөнүн диний багыттагы саясатын өнүктүрүү, мамлекеттик тил болгон кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында да Президенттин жеке кийлигишүүсү менен алгылыктуу иштер жасалды. Айтор, 3 жылдан бери өлкөбүздө бардык жагынан жылыштар таасын байкалууда.

“Башкы прокурор ким болсо да, коррупцияга каршы күрөш токтобойт”

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Аида Салянованын кызматынан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын төгүндөдү. Анын айтымында, Башкы прокурор азыркы тапта эмгек өргүүсүндө. “Чынын айтайын, буга чейин Аида Жеңишбековна кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган учуру болгон. Бирок, бул ирет ал жөн гана эс алуу үчүн уруксат сурады. Адам болгондон кийин эс алууга укуктуу. Анын үстүнө Аида Жеңишбековна аял, адам, анын да үй-бүлөсү бар. Бир чети, аны да түшүнсө болот. Башкы прокурордун иши өтө оор. Ал адамдын кызматы кылычтын мизинде жүргөнгө тете”,- деди өлкө башчысы. Ошондой эле ал “Башкы прокурор ким болсо да, Атамбаев президент болуп турганда коррупция менен күрөш токтобойт”,- деп белгиледи.

“Уулдарымдын мыйзамсыз иштерге тиешеси болсо, жазаланышына тоскоолдук кылбайм”

Президент Алмазбек Атамбаевге берилген суроолордун ичинен анын Сейтек жана Сейит аттуу уулдарына байланыштуу суроолор да болду. Бул боюнча өлкө башчысы “Уулдарымдын мыйзамсыз иштерге тиешеси болсо, прокуратура, сот органдары ишин иликтеп, жоопко тартсын. Мен аларды катардагы жаран катары мыйзам чегинде жоопко тартылуусуна көмөктөшөм”,- деп жооп берди. Буга улай, өлкө башчысы кийинки мөөнөткө барбай тургандыгын жана өзүнө мураскер даярдабай тургандыгын айтты. “Мен мөөнөтүмдү узартайын деген оюм жок. Кудайдан коркуп, курман болгон 100 баланын элесин урматтайм. 2,5 жылдан кийин кимдин ким экенин эл түшүнүп, татыктуу президентти тандап алат деп ишенем”,- деди.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге иш козголуп, издөө жарыяланганы менен ал жөн гана жүрөт, мыйзамдуу жазасын качан алат деген суроого мамлекет башчы “К.Кадыралиев боюнча Башкы прокуратурага тапшырма бергем, андан кийин ал киши кызматтан да алынды, ошол бойдон качып жүрөт. Бул боюнча кечээ ички иштер министри Мелис Турганбаев менен сүйлөштүм. Эгерде, К.Кадыралиев жөн гана басып жүргөнү чын болсо, анда жакынкы учурда кармалып, тиешелүү жерге алынып барат”,- деп жооп берди.

“Бирөөнү каралап жазып акча алгыча, ачка жүргөн артык”

Өлкө башчы ошондой эле журналисттерди атайын буйрутмалардын негизинде каралоо багытындагы материалдарды жазып, экинчи тараптан акы албай, акыйкаттыкты, чындыкты бурмалабай жазууга чакырды. “Мен түшүнөм, кыргызстандык журналисттердин айлык маяналарынын өлчөмү аз. Бирок, негизсиз сындоо, каралоо материалдарын жазуу менен убактылуу маселени чечип жатканыңарды унутпагыла. Куранда да жок жерден каралоо чоң күнөө делет. Адам уяты, адамгерчилиги, ыйман-нысабы менен жашашы керек”,- деди Алмазбек Атамбаев. Мындан тышкары, ал эксперттердин маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча жыйынтыгында маалыматтык мейкиндикте көбүнчө каралоо, коркутуу, далилсиз көө жабуу жана адамдык намысына шек келтирүү багытындагы материалдар жазылып жаткандыгы тууралуу айтылгандыгын белгилеп, дагы бир жолу ММК каражаттарынын өкүлдөрүнө акыйкаттыктан, чындыктан тайбай, маалыматты бурмалабай берүүлөрүн суранды.

“Жаңы жылды үй-бүлөм менен өз мекенимде тосом”

Мамлекет башчысы “Жаңы жылды кай жерден тососуз?” деген суроодон да тыш калган жок. Бул боюнча берилген суроого ал “Жаңы жылды үй-бүлөм, жакындарым менен Кыргызстанда эле тосом”,- дейт. Президент жаңы жылдык эс алуу убагында да иштей турганын билдирди.

 Динар ТУРДУГУЛОВА