Президент А.Атамбаев: “Кыргызстан интеграция, ынтымак жана достуктун жолун тандады”
23-декабрда Орусиянын баш калаасы Москвада Кыргызстандын келечегине түздөн-түз тиешелүү кош саммит аяктады. Аяктап бараткан жыл ичинде мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн акыркы эки саммиттин биринде аскердик коопсуздук, экинчисинде экономикалык маселелер талкууланды.
Сүйлөшүүлөр күндүн алгачкы жарымында ЖККУнун форматында башталып, анда дүйнөдөгү азыркы кырдаалды эске алган 20дан ашык маселелер каралды. Алардын өзөктүүсү катары абадан жана ракеталык соккудан коргонуу боюнча Бирдиктүү система түзүү маселесин айтсак болот. Азыр мындай система Орусия менен Белоруссиянын аба коопсуздугун камсыздоодо. Эми бирдиктүү система жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө мамлекеттердин аба мейкиндигин жалпы коргоого алышы керек. Мындан тышкары, ЖККУнун жалпы авиациялык күчтөрү түзүлөт. Мамлекет башчыларынын пикиринде коопсуздук үчүн бул чара ашыкчалык кылбайт.
Жамааттык коопсуздук уюмуна төрагалык кылуу жаңы жылдан тарта Тажикстан Республикасына тапшырылат.
Президент Эмомали Рахмон келерки жылда ЖККУ үчүн Тажикстанда аткара турган олуттуу иштер арбын экендигин айтты. Ушул тапта бул өнөктөш өлкө үчүн Ооганстандан башат алган наркотрафикке каршы туруу абдан актуалдуу. “Биздин өлкөнүн маңдайына терроризмге, наркотрафик менен экстремизмге төш тосуу жазылган экен. Ошондуктан, тажик-ооган чек арасын чыңдоо маселесинде уюм боюнча өнөктөштөр өз жардамдарын аябастыгына ишенем,” деген оюн билдирди тажик президенти.
Хилларинин тилеги ишке ашпай калды
Күндүн экинчи жарымында коргонуу темасы экономикалык маселеге орун бошотуп, Евразиялык экономикалык биримдиктин саммити башталды.
Евразиялык экономикалык биримдик – постсоветтик мейкиндиктеги эң масштабдуу долбоор. Орусия, Казакстан жана Белоруссия президенттеринин ар жолку жолугушуусунда аны түзүү башкы темалардын бири болуп келген.
Үстүбүздөгү жылдын май айында адегенде Астанада ЕАЭСти түзүү тууралуу тарыхый чечим кабыл алынган, октябрь айында Минскиде биримдиктин принципиалдуу маселелери макулдашылса, мына эми жыл соңунда Москвада ой-максаттардын бирдейлиги акыркы текшерүүдөн өтүп, ага Кыргызстан да кошулду. Сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктаган
Нурсултан Назарбаев уюмдун масштабдуулугуна токтолуп, бизнес үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө жол ачылгандыгын белгилесе, Владимир Путин Евразиялык биримдик каалоочулар үчүн ачык экендигине басым жасап, жаңы жылдан тарта биримдиктин ишин тескөө тизгини Белоруссияга тапшырылды.
Президент Алмазбек Атамбаев аталган биримдикке Кыргызстандын кошулуусун шарттаган ачык жана адилет параметрлери так аныкталгандыгын белгилеп: “Келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифтерин колдонуу жана кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлүн алып салуунун күндөрү такталды, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун мүчөсү болуп калат. 1-майга чейин бизге тагылган тапшырмалардын баарын аягына чыгарабыз”, – деп айтты.
Андан тышкары, Өлкө башчыбыз: “Азыр баарыбыз эле оош-кыйыш мезгилди баштан кечирип жатабыз. Ошондуктан, биз кылдат ойлонуп, интеграциялашуунун, ынтымак менен достуктун жолун тандадык. Эгер биргеликте, бири-бирибизге көмөктөшсөк, биздин өлкөлөргө азыркы кыйынчылыктарды жеңүү жеңил болот”,- деп кошумчалады.
Алмазбек Атамбаевдин бул пикирин саммиттен кийинки эки тараптуу маңдай-тескей жолугушуу учурунда Орусиянын Президенти Владимир Путин да колдоду. “Сиздердин абдан ыкчам жана жогорку профессионалдык деңгээлде иштегениңиздер Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуусу жөнүндө чечимдин кабыл алынышына шарт түздү. Дүйнөлүк экономикада кандай гана кырдаал түзүлбөсүн, өз экономикаларыбыздагы кыйынчылыктарды жалгыздап эмес, биримдикте жеңгенибиз жакшы. Азыркыга чейин биргелешип аткарган иштер үчүн ыраазылык билдирем”, – деген Орусия жетекчиси кесиптешин Кыргызстандын ЕАЭСке кошулгандыгы менен куттуктады.
Ушул жерден 2012-жылдын 6-декабрындагы АКШнын ошол кездеги мамкатчысы Хиллари Клинтон: “Биз мурдагы СССРдин аймагында кайрадан советтешүү аракетин сезип жатабыз, ал Евразиялык союз же Бажы союзу деп аталабы, иши кылып анын максаты кандай экендигин билебиз жана бул процесстерге тоскоолдук жасап же токтотушубуз керек”, – деп айтканын эске сала кетели. Сыягы, Хиллари айымдын ою ордунан чыкпай калды.
Кыргызстандын тарыхый кадамы
Интеграциялык биримдик бир күнгө же бир жылга түзүлүп жаткан жок, анын келечеги кең деген оюн билдирди экономика министри Темир Сариев.
– ЕАЭС 2015-жылдын 1-январынан иштеп баштайт. Анда капиталдардын, товарлардын, кызматтар менен эмгек ресурстарынын эркин кыймылы сыяктуу 4 эркиндик каралган. Биз өнүгүшү динамикалуу жана келечектүү рынокко кошулуп жатабыз. ЕАЭСтин жалпы аймагы дүйнөдө биринчи – 20 229 248 чарчы чакырымды түзөт, калкынын саны – 183 100 495 адам (7-орунда), ИДПсы $ 4077. 1 млрд. (5-орунда).
Экономикалык кубаттуулугу жагынан Орусия дүйнөдө бешинчи, Казакстан кырк сегизинчи орунда турат. Дүйнөдөгү жаратылыш ресурстарынын 25%ы ушул өлкөлөрдө жайгашкан. Орусиянын жагдайы азыр жакшы эмес дегендер жаңылышат. Кыйынчылыктар убактылуу. Жанында Кытай ыкчам өнүгүүдө. Орусия Президенти аталган биримдикке Въетнам, Индия, Түркия жана Израиль мамлекеттери тарабынан да кызыгуу артып жаткандыгын айтты, – дейт Темир Сариев.
Министрдин пикиринде биримдикке кошулгандан кийин биринчи кезекте мигранттарыбызга жеңил болот. Экинчиден, Казакстан менен Орусиянын рынокторуна өз продукцияларын жөнөтүп келген ишкерлерибиз менен бизнесмендерибиз чоң утушка ээ болушат. Жеңиштин 70 жылдыгы алдында интеграциялашуу боюнча тарыхый кадам жасалып жатат. Келишим 1-майдан кечиктирилбей күчүнө кирет, чек аралар 8-майга чейин ачылат, 9-майда бардык тоскоолдуктар алынат. ЕАЭСтеги бирдиктүү бажы тарифтери чек аралардын ачылышы менен колдонула баштайт.
Биримдикке кошулуп жаңылыштык кетирген жокпузбу?
-“Албетте, биримдикке кошулгандыгыбызга сөзсүз түрдө сындар айтылат. Быйыл кургакчылык болду, электр энергиясы менен камсыздоодо проблемаларыбыз бар, жаңы жылдан кийин да кыйынчылыктар болору шексиз. Бирок, биз аларды биргелешип чечебиз. Орусия 200 млн. доллар бөлөөрүн дагы бир ирет тастыктады. Бул каражат бюджетке киргизилген жана ага жол картасын жүзөгө ашырабыз. Жакында колубузга тийсе, чек араларыбызды, бажы постторубузду ыраатка келтире баштайбыз. Жол картасын колдоого Казакстан кошумча 100 млн. доллар берет.
Мындан тышкары, кыргыз-орусиялык фонд каттоодон өттү. Жыл аягына чейин ага 100 млн. доллар, келерки жылда дагы 400 млн. доллар салынат.
Фонддун иши жүрүшүп кетсе, алдыга умтулууга жакшы мүмкүнчүлүк алабыз. Кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок, ар кандай кризис өлкөбүз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бардык тобокелдиктер эске алынган. Өкмөт келерки жылдын бюджетин бекитти. Анда 43-44 млрд. сомдун тегерегинде маминвестициялар боюнча амбициялуу пландар каралган. Кийинки жылдан тарта мамлекеттик, улуттук ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыра баштайбыз. баары өнүгүүгө түрткү болот ”, – дейт экономика министри.
Атай АЛТЫМЫШЕВ



Leave a Reply