Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдагы КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды, деп билдирди президенттик Аппараттын басма сөз кызматы.

«Илим жана техника жагында 2014-жылдагы КРнын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» кол коюлган жарлыкка ылайык, илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында КРнын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечимин көңүлгө алуу менен «Кыргыз Республикасынын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу» эмгеги үчүн төмөнкүлөргө илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып, «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» наамдары берилди:

Алибаев Атабек Пахыровичке – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин деканы, техникалык илимдердин доктору;

Кожогулов Камчыбекке – КРнын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору, техникалык илимдердин доктору;

Никольская Ольга Викторовнага – КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун башкы илимий кызматкери, техникалык илимдердин доктору;

Тажибаев Кушбакалыга – КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техникалык илимдердин доктору;

Толобекова Бурулканга – КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техникалык илимдердин доктору;

Үсөнов Кеңешбек Жумабековичке – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору, техникалык илимдердин доктору;

Усманов Салават Фаргатовичке – Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин деканы, техникалык илимдердин доктору.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тема боюнча: Президент А.Атамбаев КРнын мамлекеттик сыйлыктары бөлүгүндөгү акча каражат өлчөмүн 250 миң сомго чейин жогорулатты

 

Булак: Баракелде