Премьер-министр Ж.Оторбаев менен Санкт-Петербург шаарынын делегациясы экономикалык жана маданий кызматташуу маселелерин талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-декабрда Санкт-Петербургдун тышкы байланыш иштери боюнча комитеттин төрагасы Евгений Григорьев башчылык кылган Орусия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынын делегациясы менен жолугушту.
Ж.Оторбаев жолугушуунун башталышында Кыргызстан Советтер союзу мезгилинде Санкт-Петербург менен активдүү кызматташып келгендигин белгиледи.
«Биз активдүү иштөөнү улантуудабыз», – деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Санкт-Петербург менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу мамилеси Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнөн соң чыңдалышына ишенимин билдирди.
«Биз ЕАЭБ кирээрибиз анык. Буга байланыштуу бажы чек арасы ачылып, федерация субъектилери жана жалпы өлкө менен кызматташууга чоң мүмкүндүктөр пайда болууда», — деди ал.
Премьер-министр орусиялык тарапты Кыргызстанга инвестициялай алчу Санкт-Петербург ишканаларынын мүмкүндүгүн кароого чакырды.
«Бизде электр энергиясы, жумушчу күчү жана имараттардын ижарасы арзан болгондуктан, инвестициялоо жагы да пайдалуураак. Рынок бирдиктүү, Кыргызстан мыйзамдары Орусияга жакын эсептелет. Буга байланыштуу сиздердин ишканалардын ийгиликтүү иштеп кетүүгө мүмкүндүктөрү бар», – деп түшүндүрдү Ж.Оторбаев.
Е.Григорьев өз кезегинде билдиргендей, Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун негизги милдети – социалдык маселелерди чечүү болуп саналат.
Ал эскерткендей, Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун кызматташуусу алкагында 2015-жылга карата бир катар иш-чаралар пландаштырылган, анын катарына Бишкекте февраль айында Санкт-Петербургдун Маданият күнүн өткөрүү дагы кирет. «Ал эми Бишкектин маданий миссиясын биз өз жергебизде күзүндө өткөрөбүз», – деди ал.
Мындан тышкары, тараптар туризмди өнүктүрүү маселесин талкуулап, ички аймак аралык туризмди өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Leave a Reply