пикет1

2014-жылы Бишкек шаарында саясый партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери жана айрым жеке адамдар тарабынан 210 пикет, митингдер өткөрүлгөн. Анын 118и саясый, 92си социалдык-экономикалык жана тиричилик мүнөзүндө болгон. Бул 2013-жылга салыштырмалуу бир топ эле аз. Мындай маалыматты Бишкек ШИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги Александр Белунскас билдирди.  Жылдан жылга пикет, митинг жана башка саясый мүнөздөгү акциялардын азайышы өлкөбүздө бейпил турмуш орной баштаганын билдирет. Ошондой эле, кылмыштуулуктун саны да азаюуда. 2014-жылы борбор калаабыздын ички иштер органдарына жалпысынан 8890 ар кандай кайрылуулар болгон. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 675ке же болбосо 7%га аз дейт А.Белунскас.

Даярдаган Айнура Шайкеева