Перуда өлкө Кубогу үчүн матч учурунда футболчуга чагылган тийди
Перунун «Спорт Акуилла» (Sport Águila) футболдук клубунун оюнчусу матчтын жүрүшүндө чагылган уруп оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу кечээ, 9-декабрда Líbero басылмасы жазды.
Кырсык Перунун Кубогу үчүн «Фуэрза Минера» (Fuerza Minera) командасы менен болгон матчта болду. Экинчи таймдын башталышында жамгыр жаап, чагылган чартылдай баштаган. Бул маалда чагылган түз эле Жоао Контрераска тийген.
Оюн токтотулуп, ал эми жабыркаган футболчуну ооруканага алып кетишти. Учурда оюнчу оор абалда. Медиктер анын буту 3-даражадагы күйүк алган деп белгилешти.
Басылманын маалыматы боюнча, чагылгандан Контрерастан башка, алыс эмес жакта турган арбитр Абраам Лоаиза менен дагы бир футболчу Хулио Риос жабыркаган.
Булак: super.kg


Leave a Reply