Эт базары1

Малдын баасы базарда  бир топ арзандап калгандыгына карабастан  акыркы  мезгилдерде Ош шаарынын  эт  дүкөндөрүндө  малдын этинин  баасы  баштагы  нарк  менен  сатылып  жаткан. Тактап айтканда,  азыркы учурда  малдын эти 365-370 сомдон, ал эми койдун эти 360-365 сомдон  түшпөй келет. Аталган маселени  чечүү  багытында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү  жетекчилери  шаардагы эт саткан соодагерлер, мал союлуучу  жайлардын ээлери,  базар  жетекчилери   менен  жыйын  өткөрдү.

-Ош шаарынын мэриясы монополияга каршы жөнгө салуу департаменти менен биргеликте кара жандыктардын  базар  баасы    менен  алардан  алынган эт азыктарынын  баасын  эсептеп чыктык. Ага  ылайык уйдун эти -355 сом, койдун эти -345 сомдон  сатылууга тийиш. Көрсөтүлгөн  баадан кымбат саткан сатуучуларга чара көрүлөт,- деп баса  белгиледи   шаардын  биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров.

Ошондой эле  аталган жыйында  эт сатылуучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп  бербегендиги да сынга алынды. Бир ай мөөнөт  берилип,  бул аралыкта  санитардык абалды  нормага келтирүү зарыл экендиги  айтылды. Эгерде жогоруда  айтылган  талаптар аткарылбаса, тийиштүү  мекемелер  тарабынан  алардын  ишмердүүлүктөрү  жабылары эскертилди.

Ал эми Ош шаарынын  ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы У.Каратаевага шаардын аймагында  жайгашкан бардык эт сатуучу жайлардын санитардык абалына жана санитардык китепчелеринин тактыгына көзөмөл жүргүзүү, ал эми   мамлекеттик ветеринардык жана  фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы К.Исаковго, шаардын аймагындагы  базардын жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан эт сатуучу жайларда оорулуу малдардын этинин сатылышына жол бербөөнү жана  түрдүү оорулардын алдын алуу чараларын көрүү  жагы  милдеттендирилди.

Гулжамал Жороева, Ош шаары