дума1

 Орусиянын Мамлекеттик думасы миграциялык режимди бузган чет мамлекеттик жарандарга карата Орусиянын аймагына кирүүгө 10 жылга чейинки мөөнөттө тыюу салуу жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды.

Мамлекеттик думанын расмий сайтында маалымдалгандай, аны менен Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтүн 3 айга ашыргандар үчүн 3 жылдык мөөнөткө тыюу салуу, 6 ай ашыргандар үчүн – 5 жыл, 9 ай убакыт ашыргандар үчүн — 10 жылга чейин узартуу каралган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр миграция тармагында көзөмөл жүргүзүү ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга жол берет, деп айтылат мыйзамда.