Ðóáëåâûå êóïþðû ðàçíîãî äîñòîèíñòâà

УБдун фактыларга негизделген маалыматы боюнча 2014-жылдын 10 айынын ичинде, жеке адамдардын акча которуу  көлөмү 1 605.1 АКШ долларын түзүп,  2013-жылга салыштырмалуу 1.6  пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын башчысы Гүлзина Исакова билдирет.

“Акча которуулардын түзүмүндө акча агымдарынын бир кыйла көлөмү Орусия рублдарында болгонун белгилеп кетүү зарыл. Каралган убакыттын ичинде доллар эквивалентиндеги акча которуулардын таза агымы 1 269.1 млн АКШ долларын түзүп,  2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 4,1 пайызга төмөндөдү. Натыйжада рубль менен которуулар 9,7 пайызга көбөйдү”-деп, кошумчалайт Гүлзина Исакова.

Маалыматка ылайык Орусия рублунун АКШ долларына болгон курсунун девальвациясы, каралган убакыттын ичинде доллар эквивалентинде болгон акча которуулардын көлөмүнө таасирин тийгизген.

Эске салсак, буга чейин рублдын кунунун түшүшү менен Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кирешеси 30-40 пайызга азайганы тууралуу маалыматтар таркаган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы