Орусиядагы Борис Немцовдун өчпөс изи
Сочи шаарында төрөлгөн, Борис Немцовдун кесиби физик болгон. Ал 29 жашынан баштап саясатка аралаша баштаган. 1988-жылы анын апасы атом станциясынын иштешине каршы кыймылды жетектеп, нааразылык акцияларына Немцов да катышат. Ушул окуядан эки жыл өтпөй ал “Демократия үчүн талапкерлер” бирикмесинен депутат болуп шайланат. 91-жылдын августундагы Москвадагы окуяларда Ак үйдү коргоого активдүү катышып, Борис Ельцин менен жакын мамиле түзөт. Борис Немцовду 27-февралдын түнүндө белгисиз адамдар атып кетишти. Анын сөөгү бүгүн 3-мартта жерге берилет.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА
Leave a Reply