2fc7a378b4e41530d8c1c6abce5c945e

Ат-Башы районунан дагы бир каарман чыкты. Ак-Муз айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу Болот Жунусалиев 28-октябрь күнү үч тайганын ээрчитип, мал караганы Көк-Күмбөз кыштоосуна барат. Ал жерден 3 карышкырдын жүргөнүн көрөт. Өзүнүн асынган куралы жок же жолдоштору жок, адегенде коркуп кетет. Бирок, тайгандары жардамга келип, карышкырларды качырышат. Экөө качып, бирөөсү тайгандар менен кармашып баштайт. Ошол учурда аты менен чаап барган Болот атынын үзөңгүсүн чече калып карышкырды башка чапкылап өлтүрөт. Ат-Башылык бул каарман менен чөнтөк телефону жоктугуна байланыштуу кабарлаша албай, Ак-Муз айыл башчысы Азатбек Капатов менен байланыштык.

“Жылда кыш келатканда райондук администрация менен райондук мергенчилер департаменти карышкырларды атуу боюнча тапшырмаларды беришет. Карышкырларды атуу боюнча тажрыйбалуу мергенчилерден атайын топ түзүлүп, жыйындар өтүп турат. Ар бир жекшемби күнү мергенчилер тайгандар менен мылтык асынып карышкырларды атуу үчүн тоого чыгышат. Ал эми Болот өз алдынча карышкырды өлтүрдү. Карышкырды чаап алуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Анүстүнө, ал – жаш, мектептин гана окуучусу. Ошондуктан, биз Болоттун каармандыгын элге жарыялап, эмгегин баалоо үчүн жаңы жылдын алдында эл көп чогулган жерде сыйлоо баракчабызды жана баалуу белегибизди камдап жатабыз”, – деди Азатбек Капатов.

P.S. Эл ичинен чыккан каармандарыбыздын эрдигин элге жарыялоо салтын уладык. Эгерде ушул сыяктуу окуялар орун алса, айылдашыңыз айырмаланган эрдик жасаса,

“Эркин Тоо” менен бөлүшө жүрүңүз, окурман!

Тел.: (0773) 61-30-25, эл. почта: syma02@mail.ru

 Сымбат МАКСУТОВА