ворух1(Журналисттик иликтөө)

Акыркы жылдары Баткен менен Лейлек тарапта чек арага байланышкан чырлардын арбышы, тез-тез кайталанып, адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолууда. Чек ара жаңжалы эмне себептен акыркы жылдары ырбап баратканы, чек араны эл чечеби же өкмөттөр аралык комиссиябы, делимитациялоо жана демаркациялоонун баш-аягы барбы же жокпу деген түмөн-түркүн соболдордун башы ачылбай келет…

Чек ара маселеси мамлекеттин көз карандысыздыгынан кийин эле чыга калган жок. Союз кезинде деле жер, суу талаш, жаштар ортосундагы чыр-чатак болуп келгенин айтышты. Түбөлүк турчудай кебелбеген Союз кезинде мындай чатактарга маани берилбесе деле керек. Жалпысынан Баткен районунда тажиктер менен чектешкен 200 км жер такталган, ал эми 170 км жер бүгүнкү күнгө чейин талашып-тартышууну, чыр-чатакты жаратып келет. Чек ара так, анык жана мыйзамдуу, адепки чектери сакталган, архивдеги тарыхый документтин негизинде бөлүнбөгөндүгүнүн кесепетин азыр тартып жатабыз.

Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы Таш-Тумшук менен Көк-Таш айылында эки эл аралашып бирге жашайт. Көк-Таштын эки тарабында тажиктер болсо, Таш-Тумшуктун төрт тарабын тең тажиктердин үй-жайы ороп турат. Ал эми Орто-Боз айылынын бир капшыты коңшулар тарабында калган. Бири-биринин тилин, дилин жакшы түшүнөт. Алыш-бериши, достугу, карым-катнашы өтө эле ынак үй-бүлөлөр жок эмес. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары баарыбызга оор болду, бирок эң өкүнүчтүүсү ошол маалда коңшулар менен чектеш “чыры басылбаган” кыргыз айылдарынан борборго же башка жактарга массалык түрдө көчүп кетүү башталган. Баш-аягы жок жаңжалдан, урушуп-талашуудан, жумушсуздуктан , жокчулуктан кыскасы, көр тиричиликтин айынан, Таш-Тумшуктан 30га жакын үй-бүлө сыртка чыгып кеткен. Ошондогу бийликтегилер ага баш ооруткусу келбеген, эмне себептен кыргыз айылдары бош калып жатканына, жарытпаган тыйын-тыпырга тажиктерге үй-жайын сатууга аргасыз болгондорго кызыккандар болбогон. Өлкөдөгү төңкөрүштөр, баш-аламандык, саясий туруксуздук, өз элинин тагдырына кам көрбөгөн, күйбөгөн, өз элин коргой албаган бийликтин алсыздыгынан кошуналар куп пайдаланган. Кыргызды оңой эле көчүрүүгө кынык алган тажик туугандар кандай болбосун жерди ээлеп алууну максат кылгандары айкын эле сезилет. Эмнегедир кийинки эки-үч жылда майда-барат, тиричиликтин көйгөйүнөн көтөрүлбөгөн , болбогон талаш-тартыш мүнөздөгү чыр-чатактар массалык мүнөзгө, улуттар аралык жаңжалга айланып, саясий өңүт алып баратканы акыл-эстүү, аң-сезимдүү эки элди тең түйшөлтөт, тынчсыздандырат. Эки мас киши жаңжалдашып, уруша кетсе, бир короо тажиктер топтоло калышат же бир кыргыздын эгинин оруп, малына салып жаткан жеринен кармап алып, камап койсо, аарынын уюгундай ызылдаган тажиктер келип жаңжал башталат. Ушул сыяктуу майда-барат чырлар болбогон жерден көпчүлүктүн тирешүүсүнө, кагылышуусуна алып келген. Улуттун жаманы болбойт, анын арасындагы айрым адамдардын куйтулугунан, көкүткөнүнөн , жамандыкты издегенинен жана эки улуттун кагылышуусунан пайда издегендердин айынан ушундай абалга кириптер болобуз дегендер болду. Алар кимдер болушу мүмкүн? Сакалчан моджахеддерби же эл аралык террорчуларбы?.. Буга так жооп жок.

Ворух айылынын түштүк-батыш тарабында кыргыз айылы бар. Ары-бери өткөндө тажиктер таш ыргытып, буюм-тайымын тартып алып же уруп-согуп элдин жүрөк үшүн алып бүткөн. Ворухтун четинен райондун эң кооз, малга жайлуу, жанга жагымдуу Кишемиш жана Геровшин жайлоолоруна кеткен жол салына баштаганда эле жаңжал күч алган. Көз карандысыз жол салынганына ичи тарыппы же тийишип турарга себеп калбаганынанбы айтор, кошуналардын кур дооматынын аягы жоктой.

Баткен районунун акими Калыков Сайтмурат мындай деди:“Талашка түшкөн жерлерди тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Тажиктер менен ушуга чейин канча жолу уруш-жаңжал болсо, ошонун баарын баштаган тажик тарап, тажик жарандары болгон.. Согди облусунун губернаторунун биринчи орун басары Жумабай Сангинов эки жолу келип, териштирип-беттештирип, аныгына жеткенде муну мойнуна алып, “ эми кайталанбайт, акыркы жолкусу “ деп, канча айтып-дебесин, көп өткөрбөй, тажиктер өз билгенин кыла башташат. Биз да түшүнбөй калдык…”.

Албетте, чек ара маселеси дароо эле чечиле койбошу айдан ачык. Мурда чек араларды тактаган кезде аска-зоолор жана чокулардын башын тактап, чек арасын аныктаган да, эл жашаган пункттарга келгенде “ бириң өлүп, бириң кал “ дегендей, “көз жумуп коюшкан”. Жакында Рават – Ак-Сай жолунун курулушу башталды. Тажиктер кыргыздарды Ходжальо айылынан тосуп, айласын алты кетиргенде, аларды айланып өтө турган 26 км жол салынды. Элдин социалдык абалын жакшыртууга аз да болсо аракеттердин көрүлүп жатканы жакшы жышана. Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарына суу түтүктөрү тартыла баштады. Бул эки айылда тең 11 жана 9 жылдык орто мектептер бар. Кудай жалгап, 70ке жакын кожолук жашаган Таш-Тумшукка мектеп, ФАП, милиция бөлүмчөсү жана балдар бакчасы ачылды. Балдар мектепке барып-кайтканда, кокус бирөө жарым жалгыз калса, өзгөчө кыз балдардын ээн-эркин жүрүшү өтө кыйын жана коркунучтуу. Тез-тез жүз берип турган чыр-чатактардан окуучулардагы психологиялык чыңалуулар, таш бараңга алып коркутуулардан милициянын коштоосу менен мектепке барышкан учурлар көп болот.

Баткен районундагы эң көйгөйлүү маселелердин бири – иче турган таза суу. Баткен шаарынын өзүндө саат-сааты менен берилет. Райондун аймагындагы айылдарда ушу кезге чейин таза суу түтүктөрү коюлбаган аймактар көп. Райондун акими Сайтмурат Калыков чек арага жакын аймактын элин ошол жерде кармап калуу үчүн биринчи кезекте, жашоо-шартын жакшыртууну, бир катар социалдык-экономикалык маселелерин ырааттуу чечүүнү, кошумча компенсацияларды төлөөнүн зарылдыгын, айлык акыларын жогорулатуу жана башка бир катар жеңилдиктерди берүү керек дейт. Чынын айтайын мени чек ара аймактарында жашаган атуулдарыбыздын ар-намыстуу, ариеттүү, мекенчил сезимдери кубандырат. Өз жанынын тынчын ойлоп, жылуу-жумшак жактарга көчүп кете беришсе, аларды ким токтотмок?

Лейлек районундагы коңшу тажиктер менен чектешкен жерлер Баткенге караганда да бир топ машакаттуу жана оор. Тарыхый жалпылыгы, кызыкчылыгы жана тарыхый шарттары боюнча эки элди бири-биринен бөлүп кароого да болбойт. Соода-сатык, турмуш-тиричилигинин кем-карчы бири-бирисиз өтпөйт. Кала берсе, Лейлектин айтылуу Козу-Баглан жана Ак-Суу дарыясы райондун аймагын аралап агып, Тажикстанга өтүп кетет. Бир дарыядан, бир башаттан, бир нуктан суу ичкен элдин пейили-мүнөзү, тилек-ниети да бир болот эмеспи. Лейлектин айылдары Тажик Республикасынын Ходжент облусунун 6 району, 297 км аянтка созулган аймактары менен чектешет. Ушул аралык толук делимитациялана элек. Райондун жалпы 128 миң 193 калкынын 25 пайызын өзбектер, 6 пайызын тажиктер түзөт. Саада, Жийделик, Селкен, Маданият жана Кыргыз-Кыштак айылдары тажик кыргыздар биротоло жуурулушуп, отурукташкан жерлер. Кыскасын айтканда, тажиктер кыргызсыз, кыргыздар тажиксиз жашай алышпайт. Бири-бирине күнүмдүк оокаттын, тиричиликтин айынан көз каранды.

Лейлек районунун калкынын жарымы жашаган Кулунду, Бешкент жана Маргун айылдары кошуналардын аймагынан 7 км жерди басып өтүп, Овчи – Калача чек ара бекетинен биздин жерге өтүшөт. Ушул жылдын 25-августунда болгон чек ара чыры кыргыз тараптын Кулунду-Максат көпүрөсүн курууну баштоосуна кошуна өлкөнүн жарандарынын каршылыгынан улам келип чыккан. Тажик кошуналар озунуп ок чыгарып, адам өмүрүнө залал келтирген бул конфликттин чыгышына тажик жарандары гана эмес, чиновниктеринин тиешеси бар сыяктанат.Мындай пикирин район акими да жашырган жок. Т.Арипов: “Кулунду- Максат” көпүрөсүн куруу зарыл, эгерде ал курулбаса, Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Бешкент жана Маргун айыл өкмөттөрүнүн калкынын кошуналар менен мурункудай эле, майда-барат нерселерден чыккан ызы-чуулар, талаш-тартыш, кыскасы, Тажик Республикасына көз каранды болуу улана берет”, – дейт.

-Карапайым эл мурункудай эле алыш-бериш мамилесин улантып, аларда жогун бизден алып, биздеги жокту алардан таап дегендей тиричилигин улантып жатат. Чындыгын айтканда чек ара маселеси эл чече турган, эл кийлигише турган маселе эмес. Атайын өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Элибиз деле муну жакшы түшүнүп калды. Биз элди сабырдуулукка, ынтымакка, түшүнүү менен мамиле жасоого , эмоцияга алдырбоого чакырып жатабыз. Эл-журтка, карапайым кыргыз менен тажикке тынчтык гана керек. Эртеби-кечпи бул маселе эки тараптын тең кызыкчылыгын, эки тараптын тең пайдасын эсепке алып чечилерине ишенебиз -деди райондун акими Тилеберди Арипов.

Ырас, турмуш-тиричиликтин деңгээлинен көтөрүлө албаган маселелерден улам жыл сайын ырбап бараткан чек ара жерлерин тактык, реалдуу чечүүдө иштиктүү сүйлөшүүлөр, сабырдуулук менен такташуулар, эң башкысы эки тараптын эл-журтуна туура түшүндүрүп, туура маалыматтарды жеткирип, кыргыз айтмакчы, кара кылды как жарган калыстык, чынчылдык, ата-бабалардын мурас-насыяттарын туу тутуу менен жасалган мамиле аба менен суудай зарыл болуп турат.

Ризван ИСМАИЛОВА, Ош облусу