пенсия
 2014-жылды ноябрь айына карата Кыргызстан боюнча пенсия алуучулардын саны 589 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда КРнын Социалдык фондунан кабарлашты.

Алардын ичинен пенсияларын «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын өкүлчүлүктөрү аркылуу алгандардын саны – 395 700 адамды түзсө, коммерциялык банктар аркылуу алгандардын саны – 193 800 адамды же 33% түзөт.

«Республика боюнча пенсияларды, жөлөк пулдарды жана компенсацияларды, ноябрь айындагы электр энергиясы үчүн каржылоонун керектүү суммасы 2 млрд 761 млн 500 миң сомду түздү жана ал толугу менен каржыланды»,- деп кошумчалашты Социалдык фонддон.