Ош облусунун Ноокат районунда алма үзүү өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, күз келип, аба ырайы бир топ салкын тартып калганга, дыйкандар алманы үзүү ишин өтө кызуу жүргүзүшүүдө.

«Учурда алма бактары 30 килодон 70 килого чейин мөмө берүүдө. Жылдагыга салыштырмалуу быйылкы жылы түшүмдүүлүгү аз», – дешет багбандар.

Аны менен катар, айылдарды кыдырып, алма алып жүргөн соодагерлер дагы бар. Алар килосун 25 сомдон жогору алышууда.

Б 1

Б 2

Б 3

Б 5

Булак: Turmush