Нарындын курчап турган чөйрө кызматы алган акчасынын 45, 4 пайызын өндүргөн
КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгы 2014-жыл ичинде 222 мекеме-ишканалар менен келишимдерди түзүп, жаратылышты пайдалангандык үчүн нормативдик төлөмдөрдөн 15 миллион сомго жакын каражат өндүргөн. Облус алкагындагы 5 токой чарбалары, 3 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары атайын эсептерине түшүрүүчү акча өлчөмүн 2013-жылга караганда жалпысынан 134,7 пайызга аткарышкан.
Мындай маалыматтар аталган агенттиктин Нарын шаарында өткөрүлгөн көчмө жыйынында айтылды. Бирок агенттиктин деректири Сабыр Атажанов колдо турган байлык ырааттуу пайдаланылбай жаткандыгын белгиледи.
-Нарын облусу боюнча бизге тиешелүү 556 миң гектар жер бар. Ал эми облус аймагынын 0,52 гана пайыз жерин токойлор ээлейт. Эмне үчүн биз канчалаган бош жаткан жерлерди пайдаланбайбыз. Өлкөнү болгону отун менен 2 пайыз камсыз кылабыз. Качанкыга чейин эле мамлекеттен келе-келе деп сурай беребиз. Мына, республикалык бюджеттен 33 миллион сом алыпсыңар. А өндүргөнүңөр анын теңине жетпейт. Эч кандай өнүгүү программа деген жок,-деген С.Атажанов мырза башкармалыктын алдына 15-мартка чейин быйылкы жылдын программасын түзүү тапшырмасын берди.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Leave a Reply