нарында1Сөз башында эле ачыктоочу кеп мурда айтылгандай 14-январь күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында электр жана жылуулукка бекитилген жаңы наркка карата болот делген элдик митинг болгон жок. Анын ордун облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн жыйын ээледи. Ошол эле маалда атайын уюштурулган чогулуш аягына чыкпай, үзгүлтүккө учурады жана бул жыйын өз ара кайым айтышуу менен чокондолду. Эмне үчүн жагдай башка өңүттөн башы же аягы жок аяктады?

Өкмөттүн электр жана жылуулукка киргизген жаңы баа саясаты белгилүү болгондой 11-декабрдан тарта күчүнө кирген. Бирок өлкөнүн бардык электр кубатын керектөөчү жеке кардарлар үчүн бир айга 700 кВт.саат социалдык тариф саясаты тез эле түшүнбөөчүлүктү пайда кылып, арзан жана ыңгайлуу шарттагы электр менен үйлөрдү жылытууга көнгөн калк катмарынын айрымдарын дүрбөлөңгө салды. Мында кыш мезгилинде сууктун күчү сезилген аймактарда, анын ичинде Нарын шаарында айрыкча нааразычылыктарды жаратты. Натыйжада баа саясатына каршы чыккан нарындыктар оболу алгач 17-, андан соң 24-декабрда топтолушуп, өкмөттүн алдына бийик өрөөндө, катаал шартта жашагандар үчүн өзүнчө тариф киргизүү сын-сунуштарды жолдошуп, жоопту Жаңы жылдан кийин 14-январда ала тургандыктарын белгилешип тынч тарап кетишкен. Ал эми 14-январда болсо кырдаал митингди уюштуруучулар жана бийлик тарабынан да ойлогондой аяктаган жок.

Биринчи дүрбү. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин бийликтин тизгинин алган Убактылуу өкмөт тарабынан «Апрель баатырлары» наамын алган ыңкылапчылар тобу Бишкек шаарына ат арытып барышып, митингдин кереги жоктугун, чагымчылыкты айрым жарандар жана оппозициялык куу чирендер жасап жаткандыгын саймедирешкендери болду. Ал эми 13-январь күнү Нарын шаарында да бир катар жарандар, асырэсе аксакалдар сотунун, аялдар жана жаштар уюмдарынын, Баткен коогалаңынын өкүлдөрү чогулушуп, алар да митингдин зарылчылыгы жоктугун билдиришти.

Экинчи дүрбү. 14-январь күнү саат 10-30 чамасына чейин Нарын шаарынын борбордук аянтына нааразычылыкка чыгат делген жарандар топтолушкан жок. Жергиликтүү бийлик митинг эмес жыйын өткөрүүнү мелжеп, каалоочуларды облустук театрга келишин кубатташты. Алгач электр тарифине карата жооп берүүгө келген КРнын Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев театр ичинен бир ууч топ адамдарга түшүндүрмө берип, кете турган болгондо сырттан көпчүлүк киришип, ага жоопту кайрадан берүүгө аргасыз кылышты.

-Биз үч кадамга бардык. Биринчи кадам февралдан тариф өзгөрөт. Калк үчүн 23 тыйынга арзандайт. Экинчи кадам компенсацияларды өзгөртүү. Ошондо 700 кВт.саатка чейин биз 70 тыйынды калтырабыз. 700дөн 1000 кВт.саатка чейинкисине же 300 кВт.саат үчүн мамлекет 62 тыйынды компенсация кылып бермей болду. Мурда жылына компенсацияларга 131 миллион сом каралса, эми 108 млн.сом үстүнө кошулат. Же болбосо мурда бир керектөөчүгө жылына 714 сомдон айланса, эми 1302 сомдон айланат. Муну кечөө макулдаштык. Үчүнчү кадам чоң долбоорлор Нарындан башталат. Бир мисал, «Чыгышэлектр» боюнча жылына 13 көмөк чордон курулса, биз 2015-жылы Нарын шаары менен Тянь-Шанды кошуп туруп 13 көмөк чордон куралы деп жатабыз. Нарын шаарында жылына 700 метр аба чубалгылар курулса, быйыл 13 километр курулат. Мындай күчөтүлгөн жумуштар бардык райондордо жасалат. Нарын шаарында 114 көп кабаттуу үй бар. Анын 81и гана жылуулукка кошулган. Быйыл кеңешип туруп 13 үйдү жылуулукка кошолу, 9 откананы заманбап кылып жасайлы деген ойлорубуз бар,-деген жообун келтирди министр мырза. Бирок мындай жооп катышуучулардын кыйласын жибитип жибербеди.

-Антип элдин башын айландырбай кышкысын 4 айга 2000 кВТ.сааттан бергиле; – Бакиев жакшы экен, 1сом 50 тыйынга кымбаттатты эле; -Карапайым эл үшүгөндөн, ачка олтургандан чыгып жатат; -Биз партия аркылуу шайлаганбыз, депутаттар келсин; -Мөөнөтсүз митинг дегенди бергенбиз; -Эмне үчүн 700 кВт.саат Нарын элин жыргатпайт деп жиберген кайрылуулар, талаптар аткарылбайт; ж.б. сын-сунуштар айтылды.

Үчүнчү дүрбү. Жыйын жогорудагыдай маанайда уланып жатып, качан 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын ана башчыларынын бири, 2010-жылдын апрель-июль айларында Нарын облусунун губернатору болуп иштеген Адыл Эсенбеков кеп айткандан соң, театр ичинде жаатташулар келип чыкты.

-Биз минте берсек Кыргызстанды жоготуп алабыз. Мына азыр Бакиев жакшы деген сөз чыга баштады. Бакиевдер уюштуруп, энергетика министрин ж.б. бийликте турган бутактарга акча берип тарифтерди көтөрдү. Бул алардын биринчи милдети болчу. Андан кийин элди көтөрүү экинчи милдети болгон. Мына көтөрүлө баштады. Бактыгүл эже Бакиевди бүгүн жакшы деп элге сиңирип жатат. Эртең сонун деп, бүрсүгүнү келсин дейбиз,-деген А.Эсенбековдун сөзүнөн соң, Нарын шаарынын тургуну Бактыгүл Жумабаева менен А.Эсенбеков ортосунда кайым-айтышуу, бара-бара жулунуу келип чыкты. Баш аламандык орун алып бара жаткан маалда чогулушту башкарган өкүл Аманбай Кайыпов жыйынды жабып деп жарыялады. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жаатташкан тараптарды ажыратып, эл сыртка чыгышты. Ошентип отурум үзгүлтүккө учурады. Жыйынга келгендер жоопко канааттандынбы, бийлик өз сөзүндө дагы турабы, айтор баарысы белгисиздиктин мейкиндигинде кала берди.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары