нарын

  14-январда Нарын шаарынын борбордук аянтында электр наркына байланыштуу тынч митинг өткөрүлөт деген маалымат-каңшаар кептер бийик өрөөндө жашаган шаардыктарды жана элеттиктерди ар кандай жороптоолорго кириптер кылууда. Бул багытта 13-январь күнү Нарын шаарындагы «АКИпресс-Нарын» маалымат борборунда шаардык аксакалдар сотунун, чөлкөмдүк аялдар уюмунун, Баткен коогалаңынын катышуучуларынын, жаштар комитетинин өкүлдөрү атайын жыйын өткөрүштү. Алар негизинен элдин митинге чыккандарын айыпташып, өлкөгө тынчтык керектигин, туруктуулук үчүн эч кандай митингдерди өткөрбөөнү бир ооздон белгилешти. Бирок ошол эле учурда алардын көпчүлүгү өкмөт тарабынан айына 700 кВт.саат электр кубатынын 70 тыйындан берилиши Нарындын шартында кышкы маалда аз экендигин кеп кылышты.

-Азыркы учурда элде жок эмес бар. Ошон үчүн тойлор көп. Бирок электрди, суукту шылтоо кылып митинг кылуунун эмне кереги бар. Былтыркы жыл кургакчылык болду. Бул табигаттын татаалдыгы экен,-деген пикирин шаардагы Сооданбеков чөлкөмүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Үмөтова келтирсе, шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Жумабек Аманов аксакал: -Биз эл бузар, журт бузарларга азгырылбайлы. Митингди Равшан Жээнбеков, Кадыров дегендер уюштуруп жатышат. Бирок чынында Нарындын шартында 70 тыйын менен берилген 700 кВт.саат аз болууда. Ушуну кышы катаал аймактар үчүн өкмөт 1500 кВт.саатка жеткирип койсо эле эл тынчыганы турат. Мына мен көп кабаттуу үйдө жашаймын. Ал үйдө жылуулук жок. Болгон жылуулукту электр жылыткычтарды сайып алабыз. 17 күндө 1500 сом төлөдүм. Эми калган 13 күндө канча чыгып келет билбеймин,-деди.

Нарын шаарында буга чейин электрге киргизилген жаңы наркты кымбат деп, бир катар жарандар өткөн жылдын декабрь айында эки курдай митинг өткөрүшкөн болчу. Кийинки митинг жыйынга айланып, анда КРнын Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Таабалдиев келип эл алдында жооп берген. Бирок анын жообуна ынанбагандар 14-январда кайрадан элдик митинг өткөрүүнү мелжешкен.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу