Нарында токой жана тоолордо өрт кырсыгы 9,5 эсеге көбөйгөн
2014-жылы Нарын шаардык жана райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү (ӨКМКБ) тарабынан 61 өрт кырсыктары катталган. Тилсиз жоодон келтирилген социалдык-экономикалык чыгым 1 миллион 223,4 миң сомду түзгөн.
Мындай маалыматтарды Нарын шаардык жана райондук ӨКМКБнын кызматкери Эрнист Мурзабеков билдирди. Ал 2013-жылга караганда Нарын шаарында жана районунда өрттөн келип чыккан социалдык-экономикалык чыгымдар 2014-жылы 1 миллион 120 миң сомго азайгандыгын белгиледи. Бирок тилекке каршы, өрттөн улам өткөн жылы 1 адам каза болгон. Ошол эле учурда 2013-жылы тоолордо жана токойлордо өрт кесепетинин 2 учуру катталса, бул көрсөткүч былтыркы жылы 19 учурду түзгөн.
-Өткөн жылы биздин райондун Кичи-Орток деген жеринде кургакчылыктан улам өрт чыгып, бир ай дегенде араң өчүрүлдү. Мында өрт кызматкерлердин эмгеги зор болду. Натыйжада ары жактагы капчыгайдагы 62 миң гектар жердеги токой аянт сакталып калды,-деп билдирди Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев.
Жогоруда белгиленген 61 өрт кырсыгынын 34 пайызы ачык отту пайдалануудагы шалаакылыктан, 23 пайызы тамеки тартуудагы этибар албоодон, 15 пайызы электрди колдонуудан, 9 пайызы атайылап өрттөөдөн жана калгандары балдардын от менен ойноосунан, от жагуучу мештерден ж.б. тиричиликтерден келип чыккан экен.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply