көмүрберүү1

  Бул тууралуу Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Камчыбек Кудайбергенов айтып чыкты.

-Бизде былтыркыдай көрүнүш кайталанчудай болуп турат. Өткөн жылы «Панд-Шер» фирмасынан алган көмүрлөрүбүз майдаланып калып жазында жетпей калган. Быйыл да алган көмүрлөр ошондой болуп жаткандыгын мен жеринде барып көрдүм. Мындай болсо мектептерде көмүрлөр кыш аяктагыча эле жок калчудай болууда. Ошондуктан атайын курам түзүп аныктап берсеңер,-деп кайрылуу кылууда айыл өкмөт башчысы.

Жагдай боюнча район акиминин биринчи орун басары Нурлан Абакиров район боюнча бюджеттик мекемелерге көмүрлөр толук өлчөмдө тартылгандыгын, бирок келтирилген суроо боюнча атайын иликтөө жакында жасалаарын жооп кылды.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу