Нарында малдын саны так эмес
Нарын районунда 2013-жылга караганда өткөн жылы дан эгиндери 3 722, жалпы тоют топтоо 12 221 жана картошка 23 тоннага аз алынгандыгын, ал эми мүйүздүү ири мал 932, кой-эчки 2683, жылкы 1346, төө 6 башка көбөйгөндүгүн район акиминин биринчи орун басары Нурлан Абакиров билдирди. Ал талаачылыктагы мындай кенемтеме жылдын кургакчылдыгынан, суунун аздыгынан, айрым чөп чабылуучу аянттардын күйүп кеткендигинен улам болгондугу менен түшүндүрөт. Бирок райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Карыбековдун баамында башкы себеп табигатта эле эмес.
-Биздин райондо мал саны да көбөйүп жатат деп жатабыз. Бирок мал саны так эмес. Эң башкы кеп санда эмес сапатында болууда. Малдын асылдуулугу жоголду. Өткөн жылы район боюнча асыл тукум алуу үчүн 111 уй куудурулса, болгону 64 музоо алынды деген эсеп бар. Бул өтө аз эле сан. Пародалардан болсо дайын жок. Мал оорулар көбөйдү. Талаачылыкта деле ирилештирүү болбогондуктан улам түшүмдүүлүк төмөндөөдө. Талааларды кара көсөө басууда. Картошканын курттары пайда болууда. Ошондуктан айыл өкмөттөр жаңыча иштешүүлөрү керек,-дейт Н.Карыбеков мырза.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply