китепканалар1

  2014-жыл ичинде Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканасынын жалпы китеп кору 62 548 даананы түзгөндүгүн, окурмандарга 172 449 китеп окууга берилгендигин китепкананын жетекчиси Токон Ысабекова белгиледи.

-Бизге жергиликтүү бюджеттен китеп сатып алууга 57 миң сом каралган. Коңурбаева эженин балдары 10 миң сом беришти. Ага Хан корунан, АКШ элчилигинен, «Бал таттуу» коомдук уюмунан жана окурмандардан болуп жалпысы 91 290 сомго 481 китеп алдык. Чындыгында китептер кымбат болууда,-дейт Т.Ысабекова айым. Шаардын башкы китепканачысы ошону менен катар имараттын тардыгынан улам көптөгөн долбоорлорго катыша албай жаткандыктарын да белгилейт. Жергиликтүү бийлик береги кенемтемени ишке ашырууга чама-чарк чак экендигин жооп кылууда.

-Нарын шаары Нарын району менен кошулган. 2004-жылы  шаар өзүнчө бөлүнгөндөн кийин көптөгөн имараттар кайра шаарга кайтарылбай калган экен. Чындыгында китепканага имарат табуу кыйын болууда,-деп билдирди шаардык мэриянын башкы адиси Нурлан Кайыпов.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу