Нарын шаарынын 3 жерине видео камералар орнотулат
Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев билдирди.
-Биз быйылкы жылы Нарын шаарынын 3 жерине видео-камера коёлу деп жатабыз. Маселе шаардык Кеңеш аркылуу чечилиши керек. +ткөндө жол боюнда турган жаранды сүзүп, качып кеткен айдоочуну табууга 45 миң сом жумшалыптыр. Ошондуктан биз да тиешелүү жерлерден байкоо салганга барышыбыз зарыл,-дейт Ы.Адиев мырза. Ал эми шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасы берген маалымат боюнча шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде болгону 7 жерде сфетофорлор бар.
-Бул сфетофорлор деле эски. Күнүнө көзөмөлгө алынып, күйүп кеткен лампочкалары алмаштырылып турулат. Дагы көчөлөрдүн 3-4 кесилишине сфетофорлор коюлушу керек. Ошону менен бирге 200гө жакын жерге жол белгилер жетишпейт,-дейт шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Билимбек Жакиев. Береги кинени шаар бийлиги колго алууга мажбур.
-Бир сандуу сфетофор коюга 420 миң, ал эми жол белгилерге жалпысы 500 миң сом кетерин билдиришүүдө. Негизи жол белгилерди сөссүз койушубуз зарыл,-дейт шаар жетекчиси Ырахат Адиев.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Leave a Reply