детишки

 Нарын шаарында 2014-жылы 1058 бала төрөлүп, 2013-жылга караганда 127 бала көп төрөлүү катталган. Анын ичинен 8 учур өлүү төрөлүү болгон. Былтыркы жылда 14 жашка чейинки балдардан жыйырма экиси каза болсо, алардын 16-73 пайызы перинаталдык деген себепке байланыштуу, дээрлик 24 пайызга чейинкиси дем алуу органдарынан улам жарык дүйнө менен коштошкон. Ал эми бир жашка чыга элек 9 наристе оорукандан көз жумса, бирөө үйүнөн каза болуп калган.

Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда жыл жыйынтыгы чыгарылган отурумда айтылып, борбордун жетекчисинин орун басары Нургүл Өмүрканова балдар өлүмдөрү тууралуу атайын маселе штабдык отурумда каралгандыгын белгиледи.

-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 3 дарыгерине сөгүш, дагы үчөөнө эскертүү, облустук оорукананын 2 дарыгерине сөгүш, бирөөнө эскертүү чаралары көрүлгөн,-дейт Н.Өмүрканова айым.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу