Ld_oc8m50DU

 Мындай маалыматты КРнын Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кумар Насырдинов билдирди. Же болбосо өткөн жылы 132 миллион 655,6 миң сом салык чогултулган. Мындан республикалык бюджетке 67,4 миллион сом (аткаруу 104,5 %) ал эми жергиликтүү бюджетке 65,3 миллион сом (аткаруу 101,5 %) чегерилген. Бирок киреше салыгы 8,8 пайызга кем аткарылган.

-Мунун себеби жыл башында план көп берилген. Абал боюнча учурунда тиешелүү жактарга кат жүзүндө маалыматтар берилген,-дейт К.Насырдинов мырза. Бирок шаар бийлиги патент менен иштөөдө кемчиликтер орун алып келе жаткандыгын белгилейт.

-Бизге жеткен маалыматтар боюнча өткөн жылы патент төлөө боюнча жогору жактан келип 113 жерге текшерүү жүргүзүлгөндө, анын он сегизинде патент жок болуп чыгыптыр. Быйыл мындай кемчилик жоюлушу керек,-дейт Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев.

Ал эми шаардык салык башкармалыгы 2014-жылы ыктыярдуу патент салыгы 104,9 пайызга жана милдеттүү патент 146,8 пайызга аткарылгандыгын билдирет.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу